Ноокенде күзөт кызматында иштеген 24 жаштагы милиционер өзүн атып каза тапты

15-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук күзөт бөлүмүнүн 24 жаштагы милиционери инкассациялык унаада өзүн атып көз жумду. Бул маалыматты «Клоопко» ИИМдин Күзөт кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя саат 11:00 чамасында инкассация жүргүзүү үчүн келгенде болгон. Күзөтчү инкассациялык унаада «Калашников» автоматы менен өзүнө ок чыгарып, каза тапкан.

Учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө башталып, окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.