Ооганстандагы кыргыздарга 2 тоннага жакын дары-дармек, ветеринардык каражат жеткирилди

Ооганстандагы этникалык кыргыздарга дары-дармек, ветеринардык каражаттан турган эки тоннага жакын гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу 18-октябрда УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, гумжардамды президенттин тапшырмасы менен Эмгек, социалдык камсыздоо, Өзгөчө кырдаалдар жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жеткирип барды. Алар Бадахшанга, Кичи жана Улуу Памирге барганы айтылат.

Алар менен кошо Ооганстанга медицина кызматкерлери да барды. Педиатр, терапевт, тиш доктур жана гинекологдор үч күндө 600дөн ашык адамды кароодон өткөрүштү. 

Ветеринарлар мал-жандыктын абалын изилдеп, 700дөн ашык бодо жана майда малга ийне сайды. Ошодой эле тургундарга ветеринардык дарыларды кантип колдонуу керектигин үйрөтүштү.

Жыл башында Ооганстандын Файзабад шаарында 65 памирлик кыргыз Кыргызстанга көчүп келүү үчүн паспорт ала албай жатканы айтылган. Кийин депутат Дастан Бекешев этникалык кыргыздардын паспорт алуудагы кыйынчылыгын азайтууга чакырган.

Этникалык кыргыздар

Памирдеги кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи Памир тоолорунда жашашат.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

2022-жылдын июнь айында Ош облусунун Чоң-Алай районуна Памирден 17 үй-бүлө көчүп келген. Бирок үч айдан кийин көчүп келгендердин бири Бекзат Забиддин акун башкы прокурор Курманкул Зулушевге алардын паспорт жана турак-жай маселеси чечиле электигин айткан.

Ошондо министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тишелүү органдарга памирлик кыргыздарга паспорт берүү маселесин чечип берүүнү тапшырган. Ошондой эле ал памирлик кыргыздар үчүн 70 гектар жер трансформацияланып, үй куруу үчүн 232 миллион сом каралганын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга көчүп келүү үчүн паспорт ала албай жатышат- депутат Султанбекова