Памирлик кыргыздар Кыргызстанга көчүп келүү үчүн паспорт ала албай жатышат — депутат Султанбекова

Ооганстандын Файзабад шаарында 65 памирлик кыргыз Кыргызстанга көчүп келүү үчүн паспорт ала албай жатат. Бул тууралуу парламенттин 9-февралдагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирди.

Эл өкүлүн айтымында, памирлик кыргыздардын акча-каражаты түгөнүп баратат.

«Балдары ооруп жатыптыр. Кечээ бир кичинекей 8 жашар кыздын бөйрөгү ооруп, шишип ошол жерде калышыптыр. Кыргызстанга келебиз деп мал-жандарын да сатышкан. Бирок паспорт маселеси ошол бойдон чечиле элек. Эми ошол жактагы [памирдеги] кыргыздарга жардам беришибиз керек деп ойлойм», — деди депутат.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи Памир тоолорунда жашашат.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Тема боючна окуңуз: Чоң-Алай: Памирден көчүп келген 17 кыргыз үй-бүлөсүнүн паспорт жана турак жай маселеси чечиле элек

Чоң-Алайга он күн ичинде памирлик 17 үй-бүлө көчүп келет