Зулушев: Бишкектин батыш тарабына 20 миң кишиге ылайыкталган ат майданын куруу пландалууда

Көк-бөрү федерациясынын жыйынында бирикменин президенти Курманкул Зулушев 20 миң кишиге ылайыкталган ат майданын куруу боюнча долбоор даяр экенин билдирди.

«Өткөн аптада президент Садыр Жапаров мага тапшырма берди. Тиешелүү кызматкерлер жаңы ат майдандын долбоорун чийип бүттү. 20 миң орундуу болот. Жаңы ат майданын курууга Бишкектин батыш тарабынан МАИ посту жактан 210 чарчы жер тилкесин бөлүп берүү пландалууда. Бул маселе келерки аптада минкабда  каралат», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын март айында президент Садыр Жапаров «Ак-Кула» ат майданын бузуп, ордуна көп кабаттуу турак-үй куруп, элге жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берүүнү тапшырган.  

Жергиликтүү ЖМКнын маалыматына ылайык, ат майданын «Манас» аэропорту жакка куруу пландалып жатат. 

Ошондой эле жыйынында Зулушев улак тартыш учурунда Оштогудай башаламандык кайталанса, мындан ары мамлекеттик деңгээлдеги ири мелдештер өткөрүлбөй турганын эскертти.

Көк-бөрү оюнундагы жаңжал

31-августта Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө арналган президенттин көк бөрү кубогунун финалы жаңжал менен аяктаган. Финалда Таластын «Ынтымак» командасы Оштун «Достук» командасын 2:1 эсебинде жеңген..

Мелдеш аяктаганда оюндун жыйынтыгына жана калыска нааразы болгон айрым күйөрмандар стадионго чуркап чыгып, калысты көздөй таш ыргыта башташкан. Тополоңдун кесепетинен жалпысынан алты адам жабыркаган. 

Кийин жаңжалга байланыштуу 65 киши суракка алынып, алардын 9уна «Бейбаштык» беренесинин менен иш козголгон. Калган 56 тургунга «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлүп, кое берилгени айтылган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Оштогу «Төлөйкан» ат майданын реконструкциялоо иши менен таанышты