Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын апасы шектүү жоопкерчиликтен качууга аракеттенип жатканын билдирди

Көңүл бургула, материалда адамдарды өлтүрүүдөгү деталдар баяндалган. Журналисттер соттун ачык-айкындуулугу үчүн бул учурларды да чагылдырат. Эгер мындайда өзүңүздү жаман сезсеңиз, макаланы окубай эле коюуга чакырабыз. 

Ушул жылдын февралында Бишкекте эки баласы менен өлтүрүлгөн Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы энеси Үрү Дүйшөбаева окуяга арналган кезексиз жыйынга катышты. Анда ал шектүү жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракеттенип, алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жатканын айтты

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Дүйшөбаева сот процесстери 9 айдан бери уланып, азырга чейин чечим кабыл алынбаганына нааразы болду. 

«Бул каргашалуу окуя 16-февралда болгон, тогузунчу ай кетип жатат. Сот процесси улам ар түрдүү шылтоолор менен созулуп келе жатат. Соттор  чечкиндүү болбой жатат. Кечээги сотто айыпталуучу өзүн куткарыш үчүн мурдагы айткандарын өзгөртүп жатканы бизди кыжаалат кылды. Бизге жардам берүүңүздөрдү суранам», — деп депутаттарга кайрылды эне. 

Октябрь райондук сотунун 16-октябрдагы жыйынында үч кишини өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиев биринчи берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан. Ал «ошол учурда өзүмдү жаман сезип, милиция кызматкерлери кыйнап, басым көрсөтүшкөн, ошондой эле кармалган күнү эртең менен арак ичип алгам» деп билдирген. Аширалиев күнөөнү мойнуна албай турганын айткан. 

Ошондой эле сотто айыпталуучу «кимдир бирөөнү өлтүрүп же өлтүрбөгөнүн эстей албай турганын» билдирген. Ал «эч кимди өлтүрө алмак эмесмин» деген. 

«Айыптоо корутундагылардын баары жомок. Ал жакта мени кесипкөй эмес деп айыптап жатышат. Эгер өлтүргүм келсе, бул тууралуу эч ким билмек эмес, алар менин кесипкөйлүгүмө доо кетирип жатышат. Мен жардам бергени келгем, андан ары эмне болуп кеткенин билбейм. Эч кандай жаман оюм болгон эмес, жөн гана сүйлөшүп жардам берейин деп келгем», — деп билдирген ал сот отурумда. 

Үч адамдын өлтүрүлүшү

Бишкектеги 3 адамдын өлүмү тууралуу үстүбүздөгү жылдын февраль айында белгилүү болгон. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 51 жаштагы аялдын, 2005-жылы туулган кызы менен жети жашар баласынын сөөгү табылган. 

Адам өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган. Ал Мамлекеттик күзөт кызматында 15 жыл иштеген, Жогорку Кеңештин депутаттагына Баткен облустук округунан талапкер болгон.   

Чынтемир Аширалиев. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, ал мамиледе болгон 51 жаштагы аялдын 9 жерине бычак сайган. Аял алган жараатынан улам каза болгон.

Андан кийин аялдын 17 жаштагы кызынын бөлмөсүнө кирип аны бычактап, муунткан. Кыз өлдү деп ойлоп, 7 жашар баланын бөлмөсүнө бет алып, уктап жаткан баланы жаздык менен тупчуктуруп өлтүргөн. Ал учурда кыз аман калып, адам өлтүргүчтөн качыш үчүн терезеден секирип кеткен. Кыздын кулап түшкөнү көзөмөл камерасына жазылып калган.  

Андан соң Аширалиев кызды алып келүү үчүн төмөн түшкөн. Подъездден көзөмөл камерасын байкап калып аны сындырууга аракет кылган, бирок аракетинен майнап чыккан эмес. Андан соң киши сыртка чыгып, кыздын сөөгүн батирге алып кирген — мунун баары камерага түшүп калган. Алып кирген соң Аширалиев кызды ваннага жаткырып, сууга чөктүргөн. 

Айыптоочу тарап Аширалиев кылмышты башка өңүткө өзгөртүүгө аракет кылганын билдирген: шектүү «каза болгон аял мас болуп кызы менен уруша кетип, кызы апасын өлтүрүп өз өмүрүн кыйган» деген элес калтыргысы келген. Ал үчүн айыпталуучу бир бөтөлкө арак сатып келип, кошумча жаракат келтирип кыздын денесине бычакты сайып койгон деп белгилешет айыптоочулар. 

Ошондой эле Аширалиевдин акыл-эси жайында болуп, кылган аракетине толук жооп бергени,кылмыш жасаган учурда мас болбогону айтылган. 

Жыл сайын буга окшогон адам өлтүрүүлөр Кыргызстанда ондоп катталат, аялдар күйөөсүнүн, жарандык никедеги чогуу жашаган адамынын же мурдагы өнөктөшүнүн колунан өлөт. Эл аралык тажрыйбада адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

ТЕМА БОЮНЧА: 

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү