Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээледи.
2021-жылы да Кыргызстан ушул эле WPS индексинде 97-катарга жайгашып, Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болгон.
Индекстин көрсөткүчүнө ылайык, Кыргызстанда парламенттеги аялдардын үлүшү 20%дан ашкан эмес. Ал эми 13% аялдар өнөктөшү тарабынан зордук-зомбулукка туш болору жазылган.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан Кыргызстандан бир катар жогору — 94-орунда жайгашты. Тажикстан 90-орун, Казакстан 80-катарда. Ал эми Түркмөнстан 58-орунга жайгашып, чөлкөмдөгү аялдар үчүн эң коопсуз өлкө болду.
WPS индексинин лидерлери: Дания, Швейцария, Швеция, Финляндия, Исландия, Люксембург, Норвегия, Австрия, Нидерланды жана Жаңы Зеландия.
Ал эми аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр: Ооганстан, Йемен, Борбордук Африка Республикасы, Конго ДР, Түштүк Судан, Бурунда, Сирия, Эсватини, Сомали жана Ирак
WPS индексин Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун институтунун Гендердик маселелер, коопсуздук жана тынчтык борбору ишке ашырган.
Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук
Кыргызстанда кыздарды никеге туруу үчүн мажбурлап ала качышат, зордукташат жана өлтүрүшөт. Кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.
Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.
Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.