Мэрия Bellagio кафесинин аталышы жазылган тактаны алып салды

Мэриянын кызматкерлери Bellagio кафесинин аталышы жазылган тактаны алып жатышат. Сүрөт: Нурдан Орунтаев.

31-октябрда Бишкектеги Bellagio кафесинин аталышы жазылган тактаны алып салышты. Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев бул боюнча көрнөк-жарнактар «кыргыз тилинде жазылышы керек» деп түшүндүрдү.   

«Кудай берген кыргыз тилинде жана өзүбүздүн кирилл тамгалары менен жакшынакай кылып “Белладжо” деп жазып койсо болбойбу?! Албетте өз тилибизди жана тамгаларыбызды сыйлайлы! Бренд кылгыбыз келсе “Кыргызпатент” деген бар, ошол жакка барып патентин, тийиштүү кагаздарын алып иштеш керек, туугандар!» — деп белгиледи Орунтаев.

Bellagio кафесинин жетекчилиги «Клоопко» мэриянын бул кадамы боюнча азырынча комментарий бере албасын билдирди.

Буга чейин Bellagio кафеси Tiktok’тогу барагына кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылган кардарларды «кыргызбай» деп атаган видео жарыялаган.

Соцтүйүндүн колдонуучуларынын сын-пикиринен кийин кафенин жетекчилиги видеону өчүрүп, кечирим сураган. Ошондой эле видеону тартып, жарыялаган кызматкер иштен бошотулганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Bellagio кафеси кыргыз тилдүү кардарларды мазактаган видеосу үчүн кечирим сурады 

Президент мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду