Bellagio кафеси кыргыз тилдүү кардарларды мазактаган видеосу үчүн кечирим сурады

Бишкек шаарындагы Bellagio кафеси 28-октябрда өзүнүн Tiktok соцтармагындагы барагына кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылган кардарларды «кыргызбайлар» деп атаган видео жарыялады. 

Соцтармактын колдонуучуларынын сын-пикирлеринен кийин кафенин жетекчилиги видеону өчүрүп, кечирим сурады. Ошондой эле видеону тартып жарыялаган кызматкер иштен бошотулганы маалым болду.

Кафенин расмий барагында жарыяланган видеодогу субтитрден «Такыр эле “кыргызбай” кардарлар кыргызча тейлөөнү талап кылганда, биз чай пул үчүн дээрлик баарына даярбыз» деп жазылганын көрүүгө болот.

Аталган видеого Х (Твиттер) соцтармагынын Эркайым аттуу колдонуучусу кафе жарыялаган видеону кескин сындап, бойкот жарыяларын билдирди.

«Уят. Мындай нерсени жайылткан кофейняга бойкот жарыялайм. Экинчи босогосун аттабайм. [Жазган пикириме] “тамашаны түшүнбөйсүңөр” деп жооп бериптир. Зордук, жек көрүү ушундай “тамашалардан” башталат», — деп билдирди ал.

Ошондой эле журналист Мээрим Догдурбекова буга окшогон пикирлер «кыргыз тилинин жайылышына терс таасирин тийгизип жатканын» айтты.

«Кыргызстанда жашаган ар бир жарандын кыргызча кызмат көрсөтүүнү талап кылууга акысы бар! Же алар “кыргызбайларбы”? Анда силер “орусбайсыңарбы”? Силерге окшогондордун айынан жаштар кыргызча сүйлөгөндөн уялышат, шаардыктардын кыргызча үйрөнүүгө мотивациясы жоголот. Бул видео үчүн түшүндүрмө бергиле!» — деди Догдурбекова.

Ал эми Bellagio кафесинин жетекчиси 29-октябрда кардарларынан кечирим сурап, жетекчилик видеодо чагылдырылган тутумду «колдобойт экенин» билдирди.

«Биз кыргыз тилин биринчи орунга коёбуз жана менюларыбыздын баары кыргыз тилинде. Бул терс көрүнүш үчүн баарынан кечирим сурайбыз. Бизнес туруктуу тобокелдиктерди жана адам факторун камтыйт, ошондуктан биз көзөмөлдү күчөтөбүз. Бул видеону байкап, кабарлагандардын баарына рахмат! Биз кыргыз адабиятын жана кыргыз тилин колдойбуз. Мындай болбошу керек», — деди кафенин жетекчиси.

@bellagio_coffeeБиз кыргыз тилин биринчи орунга коёбуз , жана биздин бардык менюлар кыргыз тилинде ! Эми бул терс көрүнүш үчүн бардыгынан кечирим сурайбыз. Бизнес туруктуу тобокелдиктерди жана адам факторун камтыйт, ошондуктан биз көзөмөлдү күчөтөбүз. Бул видеону байкап, бизге кабарлагандардын баарына рахмат! Биз кыргыз адабиятын жана кыргыз тилин колдойбуз! Мындай болбошу керек!♬ оригинальный звук - Bellagio

Тил мыйзамы жана Кремлдин билдирүүсү

17-июлда Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга кол койгон. Мыйзам министрликтерди, мекемелерди, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын жана менчик формасына карабастан бардык уюмдарды кыргыз тилин жумушчу тил кылып колдонууга милдеттендирет.

Ошондой эле мамлекеттик тил географиялык аталыштарда, билим берүү жана илим тармагында, ошондой эле эл аралык келишимдерди түзүүдө милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.

Негизги өзгөрүүлөрдүн дагы бири — мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, медицина кызматкерлери жана башка категориядагы жарандардын тобу кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда орус тилинин расмий макамы сакталган.

Мыйзамга кол коюлгандан кийин, 19-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө күчүнө кирген жаңы мыйзамды «анчейин демократиялуу эмес» деп атаган. Ал ошондой эле «орус тили жалпысынан басмырлоого кабылып жатат» белгилеген.

Орус аткаминеринин билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкууга жем таштап, айрымдар муну «Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү» деп баалаган.

Президент Жапаров 24-июлда Орусиянын тышкы иштер министринин тил мыйзамы тууралуу айткандарына «мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок» деп жооп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду

«Анчейин демократиялуу кадам эмес» — Лавров Кыргызстандын мамтил жөнүндө мыйзамы тууралуу

Садыр Жапаров Лавровдун кыргыз тил мыйзамы боюнча айткандарына жооп берди