Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

Акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, журналист Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо билдирди.

Маалыматка ылайык, Зайырбек Ажыматов атындагы коомдук фондунун сыйлыктарына жаш акындар Улукбек Омокеев, Айзат Кудайберди кызы жана журналист Нурболот Азамат ээ болушту.

Сыйлыктар жеңүүчүлөргө Ажыматовду эскерүү үчүн уюштурулган «Жарты кайык» аттуу иш-чарада тапшырылды. Акындын наамындагы сыйлык жыл сайын 35 жашка толо элек лирикалык жана атуулдук ырлардын авторлоруна, ошондой эле журналистке ыйгарылат.

Зайырбек Ажыматовдун каза болгонуна быйыл үч жылдан ашты. Ал 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктап, ошол эле жылы журналистикадагы эмгек жолун «Асаба» гезитинен баштаган.

Андан соң «Кыргыз Туусу», «Жаңы агым», «Бишкек Таймс» гезиттеринде, КТРКда эмгектенип, акыркы жылдары «Азаттык» үналгысы менен кызматташып, маданий жана социалдык темаларда макала, баяндарды даярдап жүргөн.

Ажыматов 2019-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болуп, «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган болчу. Маркум мындан сырткары «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар» ырлар жыйнактарынын автору.

Акын 2020-жылы 29-апрелде кан басымы капыстан түшүп кетип каза болгон. Анын калемдештери, Ажыматовду жакын досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин дүйнөдөн кайтканы терең кайгыга батырганын айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун эки китеби басылып чыкты