«Финико» каржы пирамидасын уюштурууга шектелген кыргызстандык аял Түркияда кармалды

«Финико» финансылык пирамидасын уюштурууга шектелген кыргызстандык 41 жаштагы аял Түркияда кармалды. Бул тууралуу 3-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта Бишкек шаардык ИИБи 2022-жылдын ноябрь айында шектүүгө эл аралык издөө жарыяланганы айтылат. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка, кылмыш коомчулугун түзүүгө жана ага катышууга шектелип жатат. 

ИИМден аты аталган финансылык пирамиданын кесепетинен 1,4 миллион АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилгенин белгилешти. Андан тышкары «Финиконун» алты кыргызстандык мүчөсү болгонун, алар кылмыштуу топтун аймактык жетекчилери экенин кошумчалашты.  

«Алар 2019-2021- жылдар аралыгында уруксат берүүчү документтери жок Бишкекте 17 кеңсе жайын мыйзамсыз ачып, өлкө аймагында ишмердигин жүргүзүп, жалпы суммасы 1 283 414 АКШ долларын жана 5 764 980 сомду түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алышкан», — деп жазылат ИИМ тараткан маалыматта.   

«Финико» пирамидасын уюштурууга шектелген дагы бир адам ушул тапта Грузияда камакта. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экстрадициялоо маселесин карап жатат. Буга чейин Чолпон Айдарова аттуу шектүү Орусиянын аймагында кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланган

Үстүбүздөгү жылы май айында Садыр Жапаров «Финансы пирамидаларын уюштуруу» беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык-айкын, ММКларды жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалагандарга 150 миң сомдон– 200 миң сомго чейинки айып пул салынаары айтылган.  

«Финико» пирамидасы 

«Финико» каржы пирамидасынын ишмердүүлүгү тууралуу буга чейин «МедиаХабдын» журналисттери айтып чыгышкан. Алар 2021-жылдын декабрында чыгарган иликтөөсүндө компанияга каражаттарын берип, кайтара албай калган кыргызстандыктардын окуясын баяндап беришкен.

Иликтөөчүлөр «Финиконун» жарнамалык кылтагына илинген жарандар батирлеринен жана чогулткан акчаларынан куржалак калып, карызга батканын белгилешкен. Ошол эле кезде Орусиянын Борбордук банкы жана Татарстандын укук коргоо органдары «Финико» компаниясы чынында каржы пирамидасы экенин аныкташкан.  

«МедиаХабдын» журналистери аталган каржы каржы пирамидасынан тийген зыяндын жалпы суммасы ошол кезде 3,5 млн долларды түзгөнүн айтышкан.