«Унаасын өрттөп салышкан». Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалды

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында 41 жаштагы тургунду өлтүрүп, унаасын өрттөп салган деген шек менен эки киши кармалды. Бул тууралуу 3-ноябрда облустук милицядан билдиришти.

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү 2-ноябрда саат 11:30 чамасында Панфилов айылындагы алыштан табылган. Ал Кайыңды шаарынын тургунуну экени аныкталып, денесинде зомбулуктун белгилери байкалган.

Ошондой эле сөөк табылган жерден 200 метр алыстыктан маркумдун «Мазда» үлгүсүндөгү толугу менен күйүп кеткен унаасы табылган.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылыш иши козголгон. Тергөөдө маркум 31-октябрда Бишкекке кетип, 1-ноябрда жакындары менен сүйлөшкөн бойдон дайынсыз болуп жатканы аныкталган.

Милиция кылмышка шектүү катары Кайыңды шаарынын 25 жана 30 жаштагы эки тургунун кармады. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Унааны сайга кулаткан. Изделип жаткан жигиттин сөөгү Чычкан капчыгайынан табылды