Унааны сайга кулаткан. Изделип жаткан жигиттин сөөгү Чычкан капчыгайынан табылды

21-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы жигиттин сөөгү Токтогулдун Чычкан капчыгайында дарыяга түшө жаздап, ташка такалып калган унаада табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 22-октябрда жол кайгуул кызматкерлери жол кырсыгына учураган ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унааны табышкан. Айдоочу жеринде каза болгон. Алгачкы кароодо айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдор болгон. 

«Окуя болгон жерди кароо учурунда милиционерлер жол кырсыгынын издери болбогондуктан, бул күндөгүдөй кырсык эместигин байкашкан. Бул жасалма жол кырсыгын атайылап уюштуруп коюшу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Эксперттер жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. 

Маркумдун аты-жөнүн тактоо учурунда, буга чейин дайынсыз жоголуп, изделип жаткан Бишкектеги жаңы конуштардын биринин 22 жашар тургуну болуп чыккан. Уулу 20-октябрда «Тойота Кроун» үлгүсүндөгү унаасын айдап үйүнөн чыккан бойдон келбегени тууралуу ата-энеси арыз жазган. 

Факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. 

Милиция ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Кадамжай районунун тургунун кармады. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү кылмыштын изин жашыруу үчүн жол кырсыгын атайын уюштурган. 

«Ал алдамчылык жолу менен унааны ээлеп алып, атүгүл башкаларга сатууга да үлгүргөн. Андан соң, унаанын акчасын төлөп берүүнү убада кылып, жигитти ээн жерге азгырып кеткен. Жолдо анын денесине залал келтирип, Чычкан капчыгайында кылмыштын изин жашыруу максатында унааны сайга түртүп, кырсыкка учураткан», — деп белгилешти ИИМден.    

Мекемеден шектүү буга чейин башка мамлекеттин аймагында ушундай эле кылмыш жасоого шектелип жатканын кошумчалашты. Анда да кырсыкка учураган унаанын арткы орундугунан орус жарандыгын алган кыргызстандык аялдын сөөгү табылган. Ишти Москванын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы алып барууда. 

Учурда шектүү Токтогул районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулуктагы массалык мушташ: Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн эки киши кармалды

Базар-Коргондо адам өлтүрүгө шектелген 49 жаштагы тургун колго түштү