Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Маалыматты 4-ноябрда Минкабдан кабарлашты.

Кайрат Иманалиев

Өкмөттүн маалыматында ал «башка ишкенине өткөнүнө байланыштуу экени» айтылат. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

Иманалиевдин ордуна Тимурлан Ажымалиев дайындалды. Ал буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы адиси ксперти кызматын аркалаган.

Тимурлан Ажымалиев

Иманалиев министрдин орун басары болуп үстүбүздөгү жылдын март айында дайындалган.

9-мартта ал Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулуп, ордун Болотбек Тиллебаев ээлеген. Ал УТРКны 2022-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген.

Иманалиев ага чейин да министрликте иштеп, 2021-жылдын февралында министр болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды