Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев

Кайрат Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Буйрукка 14-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, орун басарды эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

9-мартта Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулуп, ордуна Болотбек Тиллебаев дайындалган. Ал УТРКны 2022-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген.

Кайрат Иманалиев буга чейин да министрликте иштеп, 2021-жылдын февралында министр болуп дайындалган.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтында Жапонияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга арналган салтанаттуу иш чарада Тыныбековадан башка спортчуларга сөз бербегени үчүн президент Садыр Жапаров ага эл алдында «сөгүш» жарыялаган.

Кийинчерээк Жапаров министрлер кабинетин отставкага кетирип, минкабдын жаңы курамы менен түзүмүн дайындагандан кийин Кайрат Иманалиев кызматтан кеткен. Анын ордуна 2018-жылы маданият министрлигин башкарган Азамат Жаманкулов келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УТРКнын башкы директору алмашты. Кайрат Иманалиевдин ордуна Болотбек Тиллебаев келди