УКМК: Сот департаментинин бөлүм кызматкери пара менен кармалды

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу 4-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын айтымында, кармалган кызматкер бир жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселесинин оң чечилиши үчүн 45 миң сом талап кылган.

Шектүүнүн иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 миң сом каражаты табылганы айтылат.

Кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, 2-ноябрда ИИМ тарабынан Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысы опузалап пара алууга шектелип кармалган. Ал тургунду «кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, көптөн бери опузалап акча каражатын алып жүргөнү» айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тогуз-Торо: Прокурордун жардамчысы опузалап пара алууга шектелип кармалды