Тогуз-Торо: Прокурордун жардамчысы опузалап пара алууга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысы жумуш ордунда опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 2-ноябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрда Жалал-Абад облусунун тургуну ИИМге жана Башкы прокуратурага укук коргоо кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал өз арызында прокуратура кызматкери аны «кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, көптөн бери опузалап акча каражатын алып жүргөнүн» билдирген. 

Аталган факт каттоого алынып, сентябрь айында «Опузалап пара алуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Милициядан октябрь айынын башында прокуратуранын кызматкери башка районго которулганына карабастан жабырлануучуга айдын аягында кайра чалып, 20 миң сом акча каражатын талап кылганын билдиришти. 

«Андан аркы аракеттер укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө жүргүзүлгөн. Прокуратура кызматкеринин кезектеги опузалап талап кылуусунан кийин, ишкер 20 миң сом өлчөмүндөгү акчаны төлөм терминалы аркылуу электрондук капчыкка которгон. [...] Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысы жумуш ордунда кармалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин шектүү Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеп, бир нече жума мурда Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысы болуп которулган. 

Учурда ага карата гауптвахтада* кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалды. Териштирүү иштери уланып жатат. 

*Гауптвахта — тартип бузган аскер кызматкерлерин камакта кармоо үчүн атайын жай.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Тургундан акча опузалоого шектелип издөөдө жүргөн үч милиция кызматкери кармалды

Бишкекте акча опузалоого шектелип шаардык соттун судьясы кармалды