ЖК: Бала бакчаларда ысык тамакты ата-энелер каржылайт деген ченемди алып салуу сунушталды

Жогорку Кеңеште депутаттардын тобу бала бакчаларда ысык тамакты ата-энелер каржылайт деген ченемди алып салыш үчүн «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелешти. Тийиштүү мыйзам долбоору 2-ноябрда коомдук талкууга коюлду.
 
Демилгечилер Конституция боюнча өлкөнүн ар бир жараны акысыз, анын ичинде аксыз мектепке чейинки билим алууга укуктуу экенин белгилешти.

«Ошентип, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка акы төлөө түйшүгү ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө гана которулган учурда, жарандардын мектепке чейинки акысыз билим алуу укугу бузулушу мүмкүн. Андан тышкары, мындай жагдайда мектепке чейинки билим берүүдө тамак-ашка акы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок калктын аярлуу катмары Конституция тарабынан кепилденген акысыз мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жете албай калуу коркунучу бар, бул өлкөнүн Негизги мыйзамына туура келбейт», — деп билгилешти алар.

Буга чейин Министрлер кабинети бала бакчалардагы ысык тамак берүү маселесин «саясатташтырбоого» чакырган. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул «социалдык адилеттүүлүк маселеси» экенин билдирген. Анын айтымында, бала бакчага адатта социалдык байланыштары күчтүү, көбүнчө камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары барат.

«Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калат. Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек? Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси. Балдарды бала бакчага камтуу жок дегенде 75-80% деңгeээлинде болсо, совет доорунан калган учурдагы саясатты улантуу маселеси көтөрүлсө болмок», — деген ал.

Учурда, Байсаловдун айтымында, балдарды Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо шаарларда 35%дан ашпайт жана бала бакчаларга кирүү өтө кыйын.

2023-жылдын августунда «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзам кабыл  алынган, анда «бала бакчаларда ысык тамак ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен уюштурулат» деген ченем бар.

1-ноябрда соцтүйүндөрдө Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшөева кол койгон документтин сүрөтү тараган. Президенттин администрациясына даректелген документте «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзамга ылайык, «министрликтерге жана ведомстволорго мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдар үчүн тамак-аш беренеси боюнча чыгымдарды каржылоону токтотуп туруу тапшырмасын берүү» суранычы келтирилшген.

Бирок, мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жаңы ченем күчүнө кире элек, ошондуктан мамлекет азырынча бала бакчада балдардын тамак-ашынын жарымын төлөөнү улантып жатат. Билим берүү министрлиги Министрлер кабинетинин тийиштүү токтомун күтүп жатат.

Касымова «азыр бардыгы мурдагыдай эле калып жатат, ата-энелер тамактын жарымын төлөп жатышат, калган жарымы жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинен каржыланып жатат» деп билдирген.

Өкмөттүн 2008-жылкы токтомуна ылайык, бюджеттен бала бакчада окуган тарбиялануучунун бир күндүк тамагына 18 сом бөлүнүп, дагы 18 сомду ата-энелер кошуп турган.

Учурда, Касымованын айтымында, бул каражат балдардын тамак-ашына жетпегендиктен, ата-энелер бала бакчалардын жетекчилери менен биргеликте жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин негизинде бөлүнүүчү каражатты көбөйтүшкөн. Бул каражаттар аймакка же шаарга жараша 60 сомдон 120 сого чейин чыгат, мисалы, Бишкекте бала бакчада баланын тамактануусуна күн сайын 120 сом бөлүнөрү белгиленген.