Байсалов мамлекеттик бала бакчалардагы ысык тамакты ата-энелер төлөшү керек деп эсептейт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бала бакчалардагы ысык тамак берүү маселесин саясатташтырбоого чакырды. Бул тууралуу ал мамлекеттик бакчаларда балдардын тамагын ата-энелер өздөрү төлөшү керек деген коомчулукта чуу жараткан мыйзам тууралуу пикирин билдирип жатып айтты.

«Адатта, бул мекемелерге социалдык байланыштары күчтүү, көбүнчө камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Аялуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары мектепке чейинки билим берүү менен камтылбай калат. Анда эмне үчүн бүтүндөй эл бай катмардын балдарынын тамак-ашына каражат төлөшү керек? Бул социалдык адилеттүүлүк маселеси. Балдарды бала бакчага камтуу жок дегенде 75-80% деңгenээлинде болсо, совет доорунан калган учурдагы саясатты улантуу маселеси көтөрүлсө болмок», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу шаарларда 35%дан ашпайт жана бала бакчаларга кирүү өтө кыйын.

Байсалов бийлик социалдык жактан аялуу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү колдоо көрсөтүү тууралуу сөз болорун кошумчалады. Анын пикиринде, мамлекет тараптан мындай балдарга бала бакчага орун берүү, тамак-аш жана кошумча субсидиялар түрүндө колдоо керек.
«Мамлекетибиздин чектелүү ресурстарын баарына таркатып берүү мүмкүн эмес. Анда ал эч кимге жетпейт!» — деп билдирди Байсалов.

Байсалов мындай билдирүүсүн республикадагы бала бакчаларда балдардын тамак ашы толугу менен ата-энелердин мойнуна жүктөлөрү, себеби «Билим берүү жөнүндө» жаңы мыйзамда тамак-аштын жарымын жергиликтүү бийлик органдары каржылаган ченем жокко чыкканы белгилүү болгондон кийин жасады. Бул мыйзам августта кабыл алынган.

Бирок, Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жаңы ченем азырынча күчүнө кире элек, ошондуктан мамлекет бала бакчада балдардын тамак-ашынын жарымын төлөөнү улантып жатат. Билим берүү министрлиги Министрлек кабинетинин тийиштүү токтомун күтүүдө.

Касымова «азыр бардыгы мурдагыдай эле калып жатат, ата-энелер тамактын жарымын төлөп жатышат, калган жарымы жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинен каржыланып жатат» деп билдирген.
Өкмөттүн 2008-жылкы токтомуна ылайык, бюджеттен бала бакчада окуган тарбиялануучунун бир күндүк тамагына 18 сом бөлүнүп, дагы 18 сомду ата-энелер кошуп турган.