Лейлекте мал уурдап, коңшу өлкөгө сатып жүргөн эки шектүү кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда мал уурдап, коңшу өлкөгө өткөрүп жүрүүгө шектелип эки киши кармалды. Бул тууралуу 8-ноябрда облустук милициядан билдиришти.

Шектүүлөр. Сүрөт: Баткен ОИИБ.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Кулуңду, Максат жана Раззаков айылдарынын үч тургуну үлүш жерине байлап койгон бодо малы сентябрь айынан бери белгисиз кишилер тарабынан уурдалып жатканын айтып арызданышкан.  

Бул факт боюнча «Уурулук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, арызданган тургундардын ар биринин бирден бодо малы жоголгону белгилүү болгон.     

Натыйжада, окуяга шектүү катары Лейлек районундагы Кулуңду айыл аймагынын 18 жаштагы эки тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициядан шектүүлөр уурдалган малды кошуна өлкөнүн жарандарына телефон аркылуу баалашып, чек арадан өткөрүп турганын белгилешти.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Мейкинбек Абдалиев «мал уурдоо аял уурдоого караганда оор кылмыш» деп эсептейт