Депутат Мейкинбек Абдалиев «мал уурдоо аял уурдоого караганда оор кылмыш» деп эсептейт

19-октябрдагы парламенттин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстанда кызды никеге туруу үчүн уурдоо — «илгерки салт» деп билдирди. Мындай сөзүн ал мал уурдоо үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтты.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев мал уурдоого өтө катаал жаза белгилөө сунушталып жатканын айтты. Ал никеге туруу максатында адам уурдагандар 7 жылга чейин эле эркинен ажыратылса, мал уурдагандар 8 жылга чейин эркинен ажыратыларын мисал келтирди.

«Дастан Далабаевич, сиз азыр аял уурдоо деп айтып кеттиңиз. Капа болбосоңуз керек, бирок бул биздин үрп-адат болчу да. Көпчүлүк биздин ата-бабаларыбыз ошон үчүн “алып качып келдик” деп айтчу. Бардыгыз эле билебиз да бул биздин салтыбыз болгонун. Сиз аны менен салыштырбаңыз. Малды уурдап атат, а аялды уурдап алып, бир жакка сатпайт да туурабы?!» — деп жооп кайтарды Абдалиев.

Бекешев аялдын макулдугу болбосо, бул кылмыш экенин эскертти. 

Абдалиевдин сөзү эмне үчүн туура эмес? 

Юрист жана укук коргоочу Лейла Назгүл Сеитбектин айтымында, мурда ала качуу эки жаштын макулдугу менен болчу — эгер үй-бүлө келиндин акысын төлөй албаса же той өткөрө албаса, жигит кыз менен алдын ала макулдашып, «ала качып кетчү» . Же болбосо, жаштар ата-энеси алардын никесине каршы болсо, качып кетип, балалуу болгондо үйүнө кайтып келишкен. Ошондо гана ата-энеси аларды кечирү. Ала качууну салт деп атоо советтер союзу кулагандан кийин башталган.

Уурдоолор эмнеге алып келет?

Кыздар менен аялдарды мажбурлап никеге тургузуу максатында урдоо — бул Кыргызстандагы реалдуу көйгөй. Кызды уурдоо зордуктоо менен аяктайт, ал эми коомдун басымына туш болгон кыздар уурдаган тараптын үй-бүлөсүндө калып, токтобогон үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келет.

Азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоого 5 жылдан 7 жыл жана 6 айга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылган. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алган жок.

Ушундай эле окуя 2018-жылы болгон — никеге туруу үчүн уурдалган 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?