Баткенде 22,8 млн сомго жаңы мал базар курулду

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 22,8 млн сомго курулган жаңы мал базардын курулушу дээрлик аяктап, жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Клоопко» 14-ноябрда Баткен обладминистрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, базар жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, мэриядан 1,5 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда анын тегереги тосулуп, атайын административдик имараты, тротуарлар, мал байлоочу жайлар жана бастырмалардын курулушу аяктады. 

Ошондой эле мэриядан базарда санитардык абал көзөмөлгө алынарын жана кирген мал жандыктарга тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзөрүн кошумчалашты.

«Учурда иштеп жаткан эски мал базар шаардын дал ортосунда жайгашкандыктан көчөлөрдө унаа тыгыны жаралып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү мал базарларга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзгөн. Талапка жооп бербеген 11 мал базарга айып салынып, убактылуу жабылган. Өлкө боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айыл чарба министрлиги талапка жооп бербеген 11 мал базарга айып салып, убактылуу жапты