Айыл чарба министрлиги талапка жооп бербеген 11 мал базарга айып салып, убактылуу жапты

Мал базар. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop

Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү мал базарларга ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүздү. Талапка жооп бербеген 11 мал базарга айып салынып, убактылуу жабылды. Бул тууралуу 15-мартта министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өтсө, министрлик алардын 47син текшерди.

Буга чейин, 9-январда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышып, талапка жооп бербегенин айткан.

Ал райондун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоону сунуштаган.

Жапаров мал базарга барып кеткенден кийин ал жерде иретке келтирүү иштери башталып, кум-шагыл төгүлгөнү кабарланган. Кийинчерээк мал базар шашылыш убактылуу көчүрүлгөнү айтылган.

Ал эми ал жерде жашаган тургундар мал базар таза суу мунарасы жайгашкан жерге жакын жайгаштырылганын айтып нааразы болушкан. Ал эми базардын жетекчиси Ильяс Жоробеков мал базар мыйзамдуу көчүрүлгөнүн, бардык органдардан уруксат алганын айткан.

Акылбек Жапаров өткөн жылдын март айында минкабдын отурумунда өлкөдөгү бардык мал базарды ирээтке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырган. Ал өлкөдөгү мал базарлардын абалы начар экенин айтып, асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир ай убакыт берген.

Автору: Айгерим Бекбосун кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров мал базардагы балчыктан улам Сокулуктун акимин бошотууну сунуштады