Бир кадр менен: Активист Өндүрүш Токтонасыров ооруканага түштү

Активист Өндүрүш Токтонасыров ооруканага түштү. Бул тууралуу 21-ноябрда укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди

​​Активист Өндүрүш Токтонасыров ооруканада. Сүрөт: Burul Usmanali

Укук коргоочунун айтымында, кылмыш куугунтугу жана сот иштери 65-жаштагы активисттин «ден соолугун солгундатып жатат». 

«Ал өзү эч качан жардам сурабайт, 4000 сом пенсиясына жашайт, ага сапаттуу дарылануу жана жакшы тамактануу керек. Эгер анын Мбанкына акча салуу мүмкүнчүлүгүңөр болсо, которсонор болот, достор. Анын Мбанкы 0555081678 Өндүрүш Т», — деп жазды Абдирасулова. 

Акыркы бир нече жыл ичинде 65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров өлкөдө жарандык протесттин символуна айланды — ал дайыма өз алдынча пикетке чыгып, саясий перфомансатарды жасап келет. Айрыкча, Орусиянын Украинага кол салуусуна, көз карандысыз ЖМКга карата басымга жана активисттердин кармалышына активдүү каршы чыккан.

2023-жылдын июнунда белгисиз адамдардын тобу Токтонасыровду машинага отургузуп, белгисиз тарапты көздөй алып кетишкен. Арадан бир нече саат өткөндөн кийин гана активист расалык, этникалык жана улуттук кастыкты козутуу иши боюнча ИИМдин сурагында экени белгилүү болгон. Кылмыш ишин козгоого активисттин Фейсбуктагы согушка каршы посттору себеп болгон.

Ошол эле жылдын августунда Токтонасыровдун иши боюнча тергөө аяктап, прокуратурага өткөнү кабарланган.