«Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган». «Мадина» базарынын ээси Салимовдун уулу изделүүдө

Издөөгө алынган Ильшат Салимов. Сүрөт: УКМК.

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу мурдагы депутат, «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу Ильшат Салимовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу 20-ноябрда УКМКдан кабарлашты.

Ага «Уюшкан топту жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо», «Бүтүм жасоого же жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен адамдар тобу тарабынан байкабастыктан оор зыян келтирүү» беренеси менен айып тагылды.

«Салимов кримтөбөлдүн таасирин пайдаланып, коркутуу жолу менен өз өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, ал кирешеге жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, Көлбаевдин кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган» — дешти атайын кызматтан.

Ошондой эле УКМК Салимовдун мүлкү тууралуу маалымат берди. Анын курулуш компанияларында үлүшү жана наркы 12 миллион долларды түзгөн 110дон ашык батири бар экени айтылат. Салимовдун үй-бүлөсү бардык курулушту Көлбаевдин камкордугу менен ишке ашырганы кошумчаланды.

Маалыматка ылайык, Турсундай Салимов 1995-жылы бала бакча, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин мыйзамсыз менчиктештирип, ордуна көп кабаттуу турак жай салуу боюнча курулуш компаниясы менен келишим түзгөн.

«Компания курулушту бүткөрүүнүн кепилдиги катары кымбат батир бериши шарт болгон. Кийин турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбой, келишим бузулган. Бирок Ильшат Салимов берилген батирди кайтарып берүүдөн баш тартып, Көлбаев менен бирге ишкерлерге кысым көрсөтүп, алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийин бул батирди кримтөбөл Чолпон-Ата шаарындагы мурдагы “Зодиак” казиносунун ордуна соода борборун куруу үчүн жер тилкеге алмашкан», — деп белгилешти УКМКдан. 

Аны менен катар, Салимов түзгөн Т.S. Group ишканасы «Кыргыз камволдук-нооту комбинатынан» болжолдуу наркы 11,5 млн долларлык аянты 4,5 га кампаны мыйзамсыз ээлеп алганы айтылат.

«Салимовдун Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда Көлбаевдин коттеджинин жанындагы жайгашкан 600 миң долларлык коттеджи, ошондой эле курулуп жаткан “Каганат Резорт” эс алуу борборунда 700 миң долларлык дагы бир коттеджи бар. Ал жүк ташуу, коомдук тамактануу, курулуш тармагында иш алып барган бир нече ишканага ээлик кылат», — дешти атайын кызматтан.

Буга чейин анын атасы Турсунтай Салимов «уюшкан кылмыштуу топко катышууга» айыпталып, 4-декабрга чейин камакка алынган.

УКМКдан анын Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү опузалаган мүлктөрдү мыйзамдаштырууга жана өзгөчө оор кылмыштарга катыштыгы бар экенин айтышкан.

Бирок анын өкүлү Салимовдун Көлбаевге жана кылмыштуу топторго эч кандай катыштыгы жок экенин айтып чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Мадина» базарынын ээси Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап келген