УКМК: «Мадина» базарынын ээси Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап келген

10-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат, «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовго козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди.

Атайын кызматтан 4-октябрда Салимовго «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу», «Курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Адам өлтүрүү» беренелери менен иш козголгонун билдиришти.

УКМКнын маалыматына ылайык, Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү опузалаган мүлктөрдү мыйзамдаштырууга жана өзгөчө оор кылмыштарга катыштыгы бар 20дан ашык киши кармалды — анын арасында Салимов да бар.

«Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө дайым демөөрчүлүк кылганы, тактап айтканда, ал “топту” каржылап, укук коргоо органдары, сот системасы жана башка мамлекеттик кызматтардагы коррупционерлерге пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды», — дешти атайын кызматтан.

Аны менен катар, Салимов Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо, абактагы кармоо шарттарын жакшыртуу максатында «греф» берип келгенин белгилешти.

«Салимов мыйзамдагы уурунун жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктоого жана өзүнө ыйгарып алган фактылар аныкталды», — дешти УКМКдан. 

Буга чейин, 9-октябрда Салимовго «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу» беренеси менен айып тагылып, Биринчи май райондук соту аны 4-декабрга чейин камакка алган.

Бирок анын өкүлү Салимовдун Көлбаевге жана кылмыштуу топторго эч кандай катыштыгы жок экенин айтып чыккан.

4-октябрда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, анын ичинде Көлбаевдин жакын чөйрөсүнө кайрылып, «эгер кимдир бирөө баш көтөрчү болсо, мыйзам чегинде катуу жазаланат» деп эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов эки айга камалды

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады