Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук өтө сейрек кездешет деп ишенет. Далил катары көрсөтүлгөн статистиканы ал «кызыктар тараптардын саясаты» деп атаган.
Орунбековго Кыргызстанда аялдар тынымсыз сабаларын, анын мамлекеттик органдар тарабынан реалдуу сан менен берилген далили да бар экенин түшүндүрөбүз.
Орунбеков эмне деди эле?
Чиновник Фейсбук барагында аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча пикирин билдирди. Ал мындай окуялар өлкөдө сейрек экенин көрсөтүп турган далили бар экенин жазган. Орунбеков бул боюнча төмөнкү «фактыларды» келтирген:
- ар бир эркек тапкан акчасын аялына алып келет, акчаны аялдар кармайт, биз кайра аялыбыздан сурайбыз;
- ар бир мамлекеттик кызматта иштеген эркектин көпчүлүгүнүн айлык маянасы түшкөн картасы аялында;
- үйдө эркектер башкарат, бирок аялдардын кеңешин угабыз;
- ар бир ата уулдарына караганда кызын көп эркелетип, көп көңүл бурат;
- бейиш эненин таман алдында деп, апаларыбызды өтө бийик коёбуз;
- урушту аялдар баштаса дагы эркектер күнөөлү болуп, кечирим сурайбыз.
«[Демек], кыргыздар аял затын сыйлайт, урматтайт, аздектейт, сүйөт, аяр мамиле кылат» — деп чиновник күмөндүү тыянак чыгарып, ал тургай статистиканы келтирген. Чиновниктин статистикасы: миңден бир, сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар бар.
Өлкөдөгү зомбулуктун масштабы
Орунбеков өзүнүн постунда үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалыматты изилдөөнүн кыйла күмөндүү ыкмасын жазган. «Акчасын аялына сактоого берип» же «уулдарына караганда кызын көп эркелеткен» кесиптеш-чиновниктер аялдар аздектелет жана токмок жебейт дегенге далил боло албайт. Ал эми анын «зордук-зомбулук сейрек кездешет» деген билдирүүсү — аялдарды сабоо учурларынын реалдуу саны эмес.
Графикадагы маалымат жылына канча адам коргоо ордерин аларын көрсөтүп турат — коргоо ордерин алгандар көбөйүп жатат. Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары 2020 жана 2021-жылдары кескин өскөн — анда жарандар COVID-19 пандемиясына кабылып, натыйжада өлкөдө локдаун жарыяланган.
Бийлик коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн шаарда жүрүүгө чектөөлөрдү киргизгендиктен, көптөгөн аял же качып кете албай же жашына албай үй-бүлөдөгү агрессор жана зомбулук көрсөткөн адамдар менен жалгыз калышкан.
Графикте акыркы үч жыл ичинде өлкөдө 8,5 миңден ашык адам коргоо ордерин алганы көрүнүп турат. Үйдө аялдар сабалып, кордолгон учурлар андан бетер көп.
Укук коргоочулар аялдар үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу милицияга түрдүү себептерден улам кайрылып же кабарлагысы келбегенин айтышат:
- виктимблейминг — кылмыштан жабыркаган адамды өзү күнөөлүү деп айтыптоо. Кыргызстанда коомчулук жана тууган-уруктар дайыма агрессордун таламын талашат. Виктимблейминг көп учурда жабырлануучунун жана анын жакындарынын кайрадан жабыркашына алып келет. Көпчүлүк туугандары анын зомбулукка кабылып жүргөнүнө ишенбейт. Себеби, үй-бүлөнүн ичиндеги чырды сыртка алып чыкпа, ажырашуу уят дешет.
- аял жардам суроодон да коркот, анткени ал милицияга арыздана турган болсо, жолдошу аны «өлтүрөм» же дагы «сабап кетем» деп коркутат;
- аялдар милицияга ишенишпейт, анткени алар үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш катары көрбөйт;
- аялдар ажырашып кеткен күйөөлөрүн өчөштүрүп алуудан коркушат.
Үй-бүлөдөгү агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан кыйын — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.
«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу иликтөөсү аялдарды көп учурда күйөөсү жана өнөктөштөрү өлтүрөрүн көрсөткөн, ал эми өлүмдөр — убагында чара көрбөгөн үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепети.
Кыргызстан Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Жарыяланган рейтингге ылайык, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунга чыгып калган.
Тема боюнча:
«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү
«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт