«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жана Deutsche Welle Akademie (Немис толкуну академиясы) 50 өлкөнү «Клоопко» колдоо көрсөтүүгө чакырды. Аткени буга чейин Бишкек прокуратурасы басылманы жабуу талабы менен сотко кайрылган.
24-ноябрда жарыяланган билдирүүдө аталган эки уюм «Иликтөө жасаган “Клооп” сайтын жабуу боюнча мыйзамсыз аракетке жооп кылып» ЖМКнын эркиндик коалициясына (Media Freedom Coalition — MFC) кайрылганы айтылат.
«Максаты — бардык алты контитенттин өкүлдөрү болгон 50 өлкөнүн күч аракетин мобилизациялоо, Кыргызстанда ЖМКга карата репрессиянын күчөшүнүн символу болуп калган куугунттуктоону айыптоо», — деп айтылат кайрылууда.
Мындан тышкары, аталган уюмдар эгер «Клооп» жок кылынса, анда кылмыш куугунттугуна редакциянын кызматкерлери да туш болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Ири коррупциянын бетин ачып, таасирдүү иликтөө жасаган ЖМК дүйнөдө басма сөз эркиндигин коргоого алгандардын көңүл буруусу менен колдоосуна татыктуу. Анын куугунттукка алынышы Кыргызстанда соңку эки жылдан бери көз карандысыз ЖМК бет келип жаткан репрессиянын күчөшүнүн символу болуп эсетелет. RSF ЖМК эркиндик коалициясы […] президент Жапаровду Кыргызстан үчүн картага коюлган нерселер канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө аргасыз кылган чечкиндүү реакциясы болот деп үмүттөнөт. “Клоопко” каршы куугунттук жана басма сөз эркиндигине кол салуу токтошу керек», — деп билдирди RSF’тин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмдүн жетекчиси Жанна Кавелье.
«Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу боюнча доону караган кийинки сот отуруму 27-ноябрда саат 11:15те болот.
«Клоопко» каршы доо арыз
Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.
Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн.
Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.