Ош: Мушташтан кийин облустук милициянын башчысынын үч орун басары кызматтан алынды

Ош ОИИБдин кызматкерлеринин мушташынан кийин милициянын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, үч орун басар кызматтан алынды. Бул тууралуу 27-ноябрда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин соцтармактарда Ош ОИИБдин жетекчилиги өз ара келишпестиктен улам мушташып жатат деген маалымат тараган. Аталган окуя үстүбүздөгу жылы 24-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында болгону такталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от BespredelKG (@bespredelkg30)

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден далил зат катарында канга окшогон кызыл түстөгү тактардын үлгүлөрүн жана көп кабаттуу үйдө орнотулган видео камераларга түшкөн далилдерди алышкан. Андан сырткары окуяга тиешеси бар жетекчилик курамдагы кызматкерлерге тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна шек келтирилгени үчүн Ош ОИИБдин башчысына «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө» эскертүү берилди. 

Ал эми пикир келишпестиктен улам мушташкан облустук милициянын Ыкчам иштери боюнча орун басары Алмаз Усеналиев, Коомдук коопсуздук боюнча орун басары Салмоорбек Шералиев жана Кадр иштери боюнча орун басары Улан Асанбаев кызматтан алынды.

Ошондой эле ИИМден окуяга тиешелүү материалдар тийиштүү органдарга жөнөтүлүп, юридикалык баа берилерин кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте пара талап кылуу жана сойкулукту колдоого шектелип милиция кызматкерлери кармалды