Бишкекте пара талап кылуу жана сойкулукту колдоого шектелип милиция кызматкерлери кармалды

УКМК 3-ноябрь күнү Бишкек шаардык жана Свердлов райондук милиция кызматерлери пара талап кылууга жана сойкулукту колдоого шектелип кармалганын маалымдады.  

«ИИМдин кызматкерлери жана Пакистандын жарандары сойкулук үчүн жайды уюштурууга жана кармоого катыштыгы бар экендиги, алар интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп жүргөн башка Пакистандын жарандарын камкордукка алып, ал үчүн такай акча алып жүргөнү боюнча маалымат түшкөн», — деп айтылат маалыматта.   

Атайын кызмат шектүү милиционерлер Пакистандын жарандары менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, 3500 доллар талап кылганын белгиледи. 

2-ноябрда акча каражатын берип жаткан жеринен «ортомчу» пакистандык жаран кармалган. Кийин Бишкек ИИБнин жана Свердлов ИИБнин кызматкери колго түшкөн. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. 

Буга чейин Токмок шаардык милициясынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты зордуктоо иши боюнча  178 миң сом алып жаткан жеринен кармалганы айтылган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Токмокто милиционер зордуктоо иши боюнча пара алып жатканда кармалды 

Тогуз-Торо: Прокурордун жардамчысы опузалап пара алууга шектелип кармалды