Ысык-Көлдө мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоого шектелген үч киши кармалд

Ысык-Көл ОИИБи мажбурлоп никеге тургузуу үчүн кыз уурдаган үч шектүү кармалганын билдирди.

Милициядан билдиришкендей, 23-ноябрда Бостери аймактык милиция бөлүмүнө 2003-жылкы жергиликтүү тургундан арыз түшкөн. Ал ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Корумду айылынын аймагынан аны белгисиз үч адам мажбурлап никеге тургузуу үчүн «күчтөп уурдап» кетишкенин айтып берген. 

Кылмышка шектелип 1981-жылкы Э.Э, 1980-жылкы Б.М жана 1998-жылкы Д.Б. аттуу үч киши кармалган.

«Кармалгандар Бостери айылынын милиция бөлүмүнө жеткирилип, баштапкы суракта алар күнөөсүн мойнуна алышты. Аталган факт боюнча “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ысык-Көл райсотунун чечими менен шектүүлөргө карата бир айга камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы кабыл алынды. Тергөө жүрүп жатат», — деп билдирди облустук милиция.

Шектүүлөр. Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы.

Кыз уурдоо жана анын кесепеттери

Кыздар менен аялдарды мажбурлап никеге тургузуу максатында урдоо — бул Кыргызстандагы реалдуу көйгөй. Кызды уурдоо зордуктоо менен аяктайт, ал эми коомдун басымына туш болгон кыздар уурдаган тараптын үй-бүлөсүндө калып, токтобогон үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келет.

Азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоого 5 жылдан 7 жыл жана 6 айга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жетпейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай калат. Ал тургай агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.