«Жигити менен уруша кеткен». Милиция Эркиндик гүлбагында уурдалды деген кызды 10 күндөн кийин тапты

Сүрөт: Бишкек ШИИБи.

Милиция кызматкерлери 23-июнда Эркиндик гүлбагында уурдалды деген кызды табышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө кызматкерлери 600гө чукул унааны текшерип, күмүш түстөгү Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаанын изине түшүшкөн. Алар 22 жаштагы Н.М. атуу айдоочу менен 21 жаштагы Б.Б. аттуу кызды таап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Сурак учурунда уурдалды делген кыз ошол күнү жумуштан соң жигити менен жолугуп, Эркиндик гүлбагына жеткенде уруша кеткенин айтып берген. Ал издөөгө алынган соң бир жума милицияга кабар бербей жүргөнүн соцтүйүндөгү талкууну көрүп коркуп кеткени менен түшүндүргөн.

Бишкек шаардык милициясы окуянын бардык жагдайын тактоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.

23-июнь күнү кечинде black_list.kg телеграм каналына Эркиндик гүлбагы менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыз уурдалганы тууралуу видео жарыяланган.

Окуяга күбө болгондор белгисиз адамдар кызды «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаага салып кетишкенин, бирок унаанын номерин көрө албай калганын айтып беришкен.

Милиция кызматкерлери уурдалды деген кызды 10 күндөн ашык издешти. Милициянын бул аракети коомчулуктун нааразычылыгын жаратты.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

2021-жылы кызды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-апрелде парламенттин эки комитетинин биргелешкен жыйынында айткан.

Анын айтымында, бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

«82 иш сотко жөнөтүлгөн, 460 иш кыскартылган, өндүрүштө дагы 14 иш бар», — деп билдирген Зулушев.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы билиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Тема боюнча:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты