Фото: Facebook, Чынгыз Урматаалиев

Чиновниктер мугалимдердин эмгегин сыйлагыла деген чакырык жасашат. Бирок алардын жарыбаган айлыгы, бийликтин эзелтен мугалимдерди акысыз жумушчу күч катары колдонгон эзелки жаман адаты анын баарын жууп кетет. Мисалы, Таш-Көмүрдө тазалык кызматкерлерине төлөөгө акча жетпегендиктен шаар көчөлөрүн мугалимдер шыпырат. Мугалимдер жеке убактысын коомдук жумуштарга арнаганы аз келгенсип, өздөрү окуткан окуучулардын көз алдында жат бирөөнүн үйүнүн алдындагы арыктарды тазалашат. Бул эмгеги үчүн аларга эч ким акча төлөбөйт.

Таш-Көмүр шаарын спутник картасынан карасак, мындагы мектептердин аталышы да өзгөчө экенин байкасак болот. Мисалы, №12 орто мектеп «Пушкин атындагы — Жорно Жованна», №4 мектеп — «Ван Пис», №1 мектеп «Островский атындагы — Жо Жо», Нарын дайрасынан өткөн көпүрөдөн алыс эмес турган №5 мектеп — «Ленин атындагы — Жо Жо» деп турат.

Бирок бул жөн гана балдардын шоктугу: Google Maps’те топонимдерди редактирлеп койсо болот, оюнкарак балдар мектептерге аниме каармандарынын ысымын берип коюшкан. Болбосо Таш-Көмүрдө мектептердин аттары кадимкидей эле. Мугалимдерге да шаар жетекчилиги кадимкидей эле мамиле кылат. Мисалы, аларга таптакыр мугалимдик ишке тиешеси жок жумуштарды жасатат.

Быйыл Кызыл-Кыяда мугалимдер жума сайын ишембиликке чыкканын, Бишкекте педагогдор «Тулпар» картасын таркатуу үчүн окуучулардын маалыматтарын чогултканын, мектептеги ремонт иштерин жасаганын, дем алыш күндөрү окуучулардын жана алардын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды «Санарип аймак» базасына киргизгенин ЖМКлар бир нече жолу жазып чыгышты. Таш-Көмүрдө дагы ушундай эле көйгөй. Бул жакта мугалимдер бир нече жылдан бери тазалык кызматкерлеринин ордуна шаар боюнча көчөлөрдү шыпырып, жыйнап келишет. Болгондо да акысыз. 

Бул көрүнүштү Фейсбук барагына күздүн башында таш-көмүрлүк активист Чыңгыз Урматаалиев айтып чыккан. Бирок жергиликтүү бийлик маселеге көңүл бурбай койгондуктан, ал биздин «Ашар» бөлүмүбүзгө кайрылып, маселени коомчулукка жеткирип, бийликтен расмий жооп алып берүүнү суранган.

«Шаардык билим берүү башкармалыгына 14 мектеп карайт», — деп айтып берди “Клоопко” Урматаалиев. — Бийлик шаардыктарды үч айлык республикалык жана облустук ишембиликке чыгара албай койду. Ошондуктан калктуу конуштардагы көчөлөрдү, арыктарды мугалимдерге шыпыртып-тазалатып, таштанды чыгартып, бак-дарактарды актатып койду. Болбосо ар бир мектепке тазалоо үчүн белгилүү бир көчөлөр бекитилген да. Жергиликтүү бийликтин жетекчиси мага “Тазалыктын” [кооммуналдык ишкана] кызматкерлери тазалап жетишпей жатат, тургундар болсо ишембиликке чыкпай жатат, ошондуктан көчөлөрдү мугалимдерсиз тазалай албасын айтты.

Мугалимдер жалпы ишембиликте өз үйлөрүнүн алдын, мектептин айланасын же парктарды тазаласа да түшүнөт элек. Бирок башка бирөөлөрдүн үйлөрүнүн алдын тазалатпаш керек да»! — деп нааразы болду ал.

«Клооп» Таш-Көмүрдөгү үч мектептин жетекчиси менен сүйлөштү. Үчөө тең  Урматаалиев айтып бергенди мойнуна алды.

«Бизде ишемби күн сайын ишембилик», — деп билдирди №11 мектептин директору Наргиза Жолдошева. Мэриянын буйругу боюнча мугалимдер айлананы жарым же бир саат тазалашат. Бирок мектептин айланасын гана, себеби ал шаардын өзүнөн алыста. Мындай иш беш жылдан бери уланып келгендиктен айрым мугалимдер нааразы болушууда, анткени бул иш үчүн аларга эч ким төлөп бербейт.

Ал эми №4 мектептин директору Замира Султанова ишембиликке мугалимдер эле эмес, башка бюджеттик ишканалардын кызматкерлери дагы, мисалы, врачтар чыкканын айтат. Буйрук шаардык билим берүү башкармалыгынан түшкөн: «Бизге, ал тургай, буйрукту көрсөтүшкөн», — деп тактады Султанова. Мугалимдер мектептин өзүнө бекитилген айлананы эле эмес, эл жашаган жеке үйлөрдүн алдыларын дагы тазалашканын мойнуна алды Султанова. Педагогдор ишембиликке жумуш убактысынан кийин чыкканга аргасыз болушкан, жана бул үчүн аларга эч ким төлөп берген эмес. «Албетте, жаман болдук», — деп кейиди Султанова.

Активист Чыңгыз Урматаалиев, «Ашар» жана «Клооп» бийликтен алгысы келген расмий жооп акыры келди.

Шаардын жетекчилиги өлкө президентинин Улуттук тазалык күнү жөнүндө жарлыгын гана аткарды, ал эми мектептер ишембиликке өз калоосу менен чыккан деп ишендирди Таш-Көмүрдүн мэриясы. Ар бир билим берүү мекемесинин бекитилген участогу бар, аны кызматкер ар бир маанилүү окуянын алдында тазалап, жыйнайт. Калган убакта шаардын тазалыгына күн сайын «Таш-Көмүр Тазалык» ишканасы көз салат.  

Таш Көмүрдүн Шаардык билим берүү бөлүмү мугалимдерди иш убактысында ишембиликке чыгууга мажбурлоо мыйзамсыз дегенге макул. Ошондуктан ишембиликке иш убактысынан тышкары чыккан дейт. Бирок ал жактан да билим берүү мекемелеринин кызматкерлери ишембиликке өз ыктыяры менен чыккан дешүүдө.

Ал эми Билим берүү министрлиги «Клооптун» мекеменин мындай тажрыйбага карата мамилеси тууралуу катына жооп кылып, жаңы министр Догдуркүл Кендирбаеванын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кызматкерлерине карата «билим берүү уюмдарынын мугалимдерин сабак учурунда айлана-чөйрөнү тазаталууга, ишембиликтерге тартпоо» жөнүндөгү кайрылуусун ачыкка чыгарды. 

«Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 45-беренесинин 9-пунктунда “педагогикалык кызматкерлерди кесиптик педагогикалык ишине байланышпаган айыл чарба жана башка иштерге тартууга жол берилбейт” деп аныкталган», — деп эскертти министрлик.

Бирок министрлик эгер чиновниктер Догдуркүл Кендирбаеваны тоготпой, көчө шыпырган тазалык кызматкерлеринин ордуна мугалимдерди акысыз ишке тартканды уланта берсе эмне болорун тактаган жок.

Медалдын эки тарабы бар дегендей, бул окуянын дагы бир маанилүү жагы бар — ишембиликтер ансыз да кадыры бийик эмес эмес мугалимдердин баркын кетирет. 2023-жылы мугалимдердин орто эмгек акысы 22 миң сомго да чыкпай калган, бул өлкө боюнча орточо эмгек акынын үчтөн бирине да жетпейт. Бул сумманы жок дегенге 40-50 миң сомго чейин жеткирүү үчүн бир нече ставкада, кошумча репетиторлук жумуштарда иштегенге туура келет. Бирок баары эле андай кыла албайт. Аны мектеп окуучулары деле байкашат.

Жазында соцтүйүндөрдө Бишкектин №91 гимназиясында чоң класстын окуучулары кыргыз тилчи мугалими Айзада Сейитбекованы шылдыңга алып, анын өтүнүчтөрүн укпай, сөгүнүп жатышканы тартылган видео тараган. Ошол учурда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев педагогдордон кечирим сурап, бирок эч ким күнөөлүүлөрдү жоопко тарткан эмес.

Догдуркүл Кендирбаева муну балдар коомдун күзгүсү экени менен байланыштырууда. Мындай айтканда, мектеп окуучулары совет мезгилинен бери мугалимдерден акысыз жана кыңк этпей иштеген жумушчу күч катары карап көнгөн мамлекеттин мугалимдерге карата масилесин орой формасында кайталап жатышат. Чыңгыз Урматаалиев Таш-Көмүрдө көчөдө арык тазалаган педагогдорду алардын окуучулары көрөрүн эскертет. «Аны көргөн окуучулар анын мугалимдерине кандай мамиле кылмак эле?» — деп суроо салды активист.

Евгения Дьякова, Лализа Уматова, Виктор Мухин, Арууке Солтоной