28-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын» билдирди. Маалымат менен кошо атайын кызмат сойкулук ишке тартылган делген 70тен ашык аялдын жеке маалыматын да жарыялады.
«Клооп» юрист жана укук коргоочулар менен байланышып, алардын УКМКнын бул аракетине байланыштуу пикирин укту.
«Профиликатикалык таасир этүү»
УКМК билдиргендей, атайын кызмат 25-26-ноябрь күндөрү «интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын тармагын» аныктап, алардын ишине бөгөт койгон. Аны менен бирге УКМК, атайын кызматтын маалыматы боюнча, сойкулукка тартылган ондогон аялдын сүрөтүн, паспорттогу жеке маалыматтарын, алардын кээ биринин даректерин жана ата-энелеринин ысымдарын жарыялаган. Коопсуздук комитети муну «профилактика» деп атаган.
«Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт», — деп түшүндүргөн атайын кызмат.
Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн жерлерде «иштегендердин» көбү студент кыздар экенин жана муну менен күрөшүү керектигин билдирген. Ташиев УКМК кызматкерлерин акыркы убактарда «кыздар бузулуп кеткенин» айтып, сойкулукка көңүл бурууга чакырган.
Рейд учурунда тартылган видео, ошондой эле УКМК жарыялаган аялдардын сүрөттөрү соцтүйүндө жайылтыла баштап, ал тургай республикалык телеканалдардын эфиринде да көрсөтүлгөн.
УКМК мыйзам бузду
Акыйкатчы институту атайын кызматтын бул аракетине комментарий берип жатып, мамлекеттик органдарды секс-кызматкерлердин укуктарынын корголушун камсыздоого, ошондой эле «алардын жүзүн көрсөтпөөгө жана жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоого» чакырган, себеп дегенде бул «алардын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын бузарын» эскерткен.
«Мыйзамдарга ылайык, мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, жарандардын жеке маалыматтарын өзүлөрүнүн макулдугусуз ачыкка чыгарууга жол берилбейт. Ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясында да жеке маалыматтарды жайылтууга тыюу салынары айтылат», — деп белгилеген Акыйкатчы институту.
Юрист Фатима Якупбаева дагы «Клоопко» маек куруп, адамдын макулдугун албай туруп анын сүрөттөрүн же видеоматериалдарды жарыялоо же таратуу жеке жашоонун кол тийбестигин бузарын, өз кезегинде бул жазык кылмышы болуп эсептелерин белгиледи.
«Эгер кыз акчага секс менен алектенсе, бул аны жеке жашоосун жана жүзүн коргоо укугунан ажыратпайт. Өткөндөгү рейдди коомчулукка алып чыгуу секс-кызматкердин сүрөтүн жарыялоо жагынан алып караганда күч кызматкерлеринин аракеттерин мыйзамдуу кылбайт. Секс жумушу 1998-жылдан бери өлкөдө декриминализация болгон, демек, сүрөттөрдү жарялоого мыйзамдуу негиз болгон эмес», — деп белгиледи Якупбаева.
УКМКнын мыйзам бузганын юрист Таттыбүбү Эргешбаева да айтат. Ал атайын кызматтын аракети күнөөсүздүк презумпциясынын принцибине каршы келерин түшүндүрдү.
«Кармалган адамдардын сүрөт жана документтеринин көчүрмөлөрү сыяктуу жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу алардын коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, коомчулукта бул адамдар күнөөсү далилденге чейин эле күнөөлүү турбайбы деген ынанымдуу мамиле жаралып калышы мүмкүн», — дейт юрист.
Эргешбаева жеке маалыматты айрым учурларда гана ачыкка чыгарууга болорун түшүндүрдү — эгер ал коомдук коопсуздукка карата коркунучту алдын ала алса же башка адамдардын жеке укугун коргой алса.
«Бирок көп учурда кармалгандардын жеке маалыматтарын алардын макулдугун албай туруп жарыялоо жол берилгис тажрыйба болуп эсептелет жана алардын конституциялык укуктарын бузуу катары каралышы мүмкүн», — деп сөзүн аяктады юрист.
Фатима Якупбаева кызмат абалынан пайдаланып жеке купуя сырды мыйзамсыз жайылтуу үчүн жоопкерчилик каралганын, жабырлануучулар өз укуктарын коргоо талабы менен сотко кайрылганга укугу бар экенин кошумчалады.
«Үй-бүлөлөрү эми эмне дейт деп коркуп отурушат»
Аялдардын укугун коргоо менен иштеген укук коргоочулардын бири «Клоопко» жашыруун шарты менен УКМК секс-кызматкерлердин жеке маалыматтарын ачык ачыкка чыгарып салганынын кесепети кандай болору тууралуу айтып берди.
«[Алар кармалып, сүрөттөрү жарыялангандан] кийин айрым секс-кызматкерлер бүт өлкөгө абийири төгүлгөндүктөн үй-бүлөлөрүнө көрүнө албай, эми алар эмне дешет деп коркуп жатышканын айтышууда. Айрыкча эркек туугандары уруп-сабап, басынтып, үй-бүлөдөн кууп салышат деп коркушууда», — дейт ал.
Укук коргоочу секс-кызматкерлердин энелеринин дагы маалыматтары ачыкталгандыктан алардын балдары да жапа чегип калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
«Мисалы: эгер [УКМК жарыялаган материалдардан] энесин кошуналары, мугалимдер же башка эле тааныштары көрүп калса, баланы да куугунттуктап, басынтып жана мазактап башташат, ал эми эгер ал кыз бала болсо, анда такыр эле “демек сен дагы энеңдей эле немесиң да” деши мүмкүн», — деп болгоду укук коргоочу.
Укук коргоочу Кыргызстанда сойкулукка тартылган аялдарды көкүтүү жана куугунтуктоо ар убакта ар кандай болгонун, «кээде азайып, кээде күчөп», бирок «эч качан токтобогонун» кошумчалады.
«Кылмышкерлердин жеке маалыматы ачыкка чыгарылбай жашырылат»
УКМКнын аракетин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да айыптады. Депутат Дастан Бекешев керек болсо кылмышкер кармалган учурда дагы алар шектүү болуп эселерин жана алардын жеке маалыматы жарыя кылынбай турганын айтат.
«Байкуш ошол кыздарды көрсөтүп, бүт өлкөгө уят кылышты. Менимче бул алардын укуктарын бузуу болот. Экинчи жагынан, моралдык жактан [караганда], эгер аларга бирөө кол салса ким жооп берет? Ооба, мүмкүн профилактика керек, бирок аны башкача кылыш керек. Кыздардыкын эмес, тескерисинче, кардарлардын, ошол жерге барган эркектердин бетин ачыш керек», — деди Бекешев.
Анын кесиптеши Эрулан Көкүлов дагы УКМК секс-кызматкерлердин жеке маалыматын жарыялаганын «туура эмес» деп атап, мындай нерсе «мындан ары кайталанбашы керектигин» билдирди.
УКМКнын «профилактикалык» чарасын депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Тазабек Икрамов, Кубанычбек Самаков жана Алишер Козуев да сынга алды.
Ал эми жазуучу жана фем-активист Алтын Капалова УКМК гендердик зомбулукка жана фемицидге салымын кошуп жатат деп «Клоопко» комментарий берди.
«Алардын таптакыр кесипкөйлүккө жатпаган аракетин комплекстүү карасак, алардын үйдөгү тирандар менен зөөкүрлөрдөн эч айырмасы жок. Алар чындап эле криминал менен күрөшүп жатабыз деп ойлоп атышабы? Же чындап эле өз аракеттери менен абалды жакшыртып жатабыз деп ойлоп жатышабы?» — деп суроо салды ал.
Капалова УКМКга секс-кызматкерлердин аты-жөнү менен даректерин ачыктагандын ордуна алардын «кардарларынын» тизмесин түзүп, ошолорду жарыялоону сунуштады.
«[Бирок] антпейт да. Аларга андан көрө өздөрүнүн түшүнүксүз “күрөшүнө” аялуу топтогу аялдарды колдонгону жакшы эмеспи. Бул видео үчүн эч ким жазага тартылбасына терең ишенем, себеби биздин укук коргоо органдарынын өзүндө зөөкүрлөр менен моралисттер толтура», — деп сөзүн жыйынтыктады Капалова.
Кыргызстандагы сойкулук
«ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкөлүк тармагы» Коомдук фондунун 2023-жылы жүргүзүлгөн биоартүрдүүлүк боюнча изилдөөсүнүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда 9 миңден ашык аял секс-иши менен алектенет, бул республикадагы аялдар калкынын жалпы санынын болжол менен 0,26%ын түзөт. Алардын айрымдары сойкулукка жашы жетелек курагында тартылганы белгиленет: 10%ы Бишкекте жана 4,5%ы — Ош шаарында.
«Клоопко» жашыруун шарты менен маек курган укук коргоочунун айтымында, негизинен кыздар сойкулукка экономикалык себептерден улам барып калат.
«Секс-кызматкерлер үй-бүлөсүн багуу, кредиттерди төлөө, окуусунун контрагын төлөө, кымбат турган операцияларды төлөө жана башка ушундай сыяктуу себептерден улам иштешет. […] 2018-жылдагы изилдөөнүн маалыматына ылайык, секс-кызматкерлердин 73%ынын колунда алардан көз каранды адамдар бар — бул алардын балдары жана ата-энелери, орточо алганда ар бир секс-кызматкер төрт кишини багат», — деп түшүндүрдү ал.
Ушул эле изилдөөнүн маалыматына ылайык, сойкулукка тартылган аялдардын 33%ы кошумча иштейт же окуйт.
«Ата-энесинен жардам албай, ижарада батирде турган студент кыздарга окуусунун контрагын төлөөгө жана чоң шаарда жашаганга кошумча киреше булагы керек», — деп белгиледи укук коргоочу.
«ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкөлүк тармагы» фонду сойкулукка тартылган кыздар кошумча коргоо жана колдоого муктаж экенин айтат.
«2021-жылы секс-кызматкерлер жабыркаган 147 учур [укук бузуу] катталган. [...] 60% учурда укук коргоо орган кызматкерлери күнөөлүү болуп эсептелет, — дейт фонд. — Укук коргоо орган кызматкерлери тарабынан жана кардарлар тарабынан болгон кол көтөрүү, ур-токмок жана сексуалдык зомбулук укук бузуулардын эң эле кеңири жайылган түрү болуп эсептелет».