Акыйкатчы сойкуканадан кармалганы айтылган аялдардын укуктарын коргоого чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева. Сүрөт: Интернеттен алынды

Акыйкатчы институту маморгандарды сойкуканадан кармалганы айтылган аялдардын жүзүн көрсөтүп, жеке маалыматтарын таратуу — мыйзамда белгиленген адам укуктарын бузуу болуп саналарын эскертти. Бул тууралуу «Клоопко» 28-ноябрда институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары, жарандардын жеке маалыматтарын өзүлөрүнүн макулдугусуз ачыкка чыгарууга жол берилбейт. Ошондой эле Адам укуктарынын жалпы декларациясында да жеке маалыматтарды жайылтууга тыюу салынары айтылат», — деди акыйкатчынын билдирүүсүндө. 

27-ноябрда УКМК Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 10го чукул жайдын ишине бөгөт коюлуп, администраторлор жана жашы 18ден 30га чейинки 70ке чукул аял кармалганын кабарлаган. Арасында жогорку окуу жайдын студенттери да бар экени маалым болгон.

Аны менен катар, атайын кызмат жүздөн ашуун интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенгени айтылган аялдардын сүрөттөрүн жана паспортторунун сүрөттөрүн ачык жарыялап салган. Алар муну «мыйзамсыз иштерди уюштурууну көздөгөндөргө таасир этүү жана бөгөт коюу максатында» деп түшүндүрүшкөн.

Өз кезегинде УКМКнын мындай кадамы коомчулукта кызуу пикирлерди жана нааразычылыктарды жаратты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: УКМК интимдик кызмат көрсөткөн он чакты жайдын ишине бөгөт койду