Кыргызстан ЕАЭБде эмгек акы эң эле аз өлкө бойдон калууда

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн арасында эмгек акы эң эле аз республика бойдон калууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) 2023-жылдын январь-сентябрь айларына карата отчётунда айтылат.   

ЕЭКтин отчётундагы маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын бир айда алган реалдуу орточо эмгек акысы 367 долларды (32 миң сомду) түзөт. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында эң жогорку маяна — Орусия (857 доллар) жана Казакстанда (774 доллар). Ал эми Арменияда бир айдын орточо эмгек акысы 676 доллар, ал эми Беларуста — 628 долларды түзөт.  

Ошол эле кезде, ЕЭКтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жарандардын бир айда алган реалдуу орточо эмгек акысынын өсүү темпи ЕАЭБ өлкөрүнүн ичинен эң эле жогору экени — ал 2023-жылдын январь - сентябрь айларына карата 10,7%ды түзгөн. Кыргызстандын тышкары, жогорку өсүү темпи Армения жана Беларуста байкалган. Ал Арменияла 13,4%ды, Беларуста болсо 10,1%ды түзгөн. 

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов X (мурдагы Twitter) соцтүйүнүндө 3 жыл ичинде айлыктар орточо дээрлик эки эсе өскөнүн — 2020-жылы (9 айдын жыйынты боюнча) 17 909 сомдон 2023-жылы 32 473 сомго чейин жеткенин билдирди.

«Стратосфера дей албайбыз, бирок жакшы эле баратабыз!» — деп жазды ал. 

Буга чейин минкаб өлкөнүн ИДПсы 1 триллион сомдон ашканын жарыялаган. Бирок эксперттер сандар кагаз бетинде өсүп атканы менен калктын турмушунда өзгөрүүлөр байкалбай жатканын айтышкан.

Ошентсе да алар кыргыз экономикасындагы кээ бир жандануу фактыларын күмөнгө коюуга болбосун белгилешкен. Бирок ички дүң өндүрүмдүн массасы өсүп баратканын көрүп турганыбыз менен, кымбатчылык менен инфляциядан улам калктын жашоо-шарты, тескерисинче, оорлоп баратканы байкалат.   

Алсак, экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, Кыргызстанда инфляциянын деңгээли катуу өсүп жатканы байкалууда, ал эми инфляция өскөндө ички дүң өндүрүмдүн улуттук валютадагы көлөмү дагы өсөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 2022-жылга карата 33%ды түзгөн

Тема боюнча: Эмгек министрлиги: Өлкөдө 200 миңден ашык үй-бүлө жакыр жашайт