ЮНИСЕФ: КР майып балдардын 80%дан ашыгы тарбиячылардын психологиялык агрессиясына кабылат

Балдардын эл аралык ЮНИСЕФ уюму Европа жана Борбор Азиядагы майып балдардын турмушу тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстанда 2 жаштан 14 жашка чейин майыптыгы бар балдардын 82%ы тарбиячылардын психологиялык агрессиясына кабылары айтылат.

«Майыптыгы бар балдар көп учурда обочодо калат: аларга мектепте толук колдоо көрсөтүлбөйт, аларга эч ким китеп окуп бербейт, алар менен үйдө эч ким ойнобойт, мындан тышкары, бул балдарга зомбулук менен мүнөздөлгөн тартиптик чаралар көрүлөт», — дейт ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Де Доминичис.  

Баяндамага ылайык, майыптыгы бар балдар «уруп-сабоого» көп кабылат.

Мындан тышкары, андай балдардын кат-сабаттуулукту жана эсеп-кысаптын жөнөкөй түрлөрүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз болот, алардын балдар оюнчуктары менен китептери дагы аз.  

Ошол эле учурда ЮНИСЕФ уюм стигматизация, дискриминация жана зомбулуктан эркин болгон инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн кыргыз өкмөтү менен өз ара иш алып барып жатканын белгиледи.

Баяндамада өлкөлөр үчүн үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу жана майыптыгы бар балдарды инклюзивдүү кызматтар менен камсыздоого багытталган сунуштамалар дагы берилген:

  • үй-бүлөлөрдүн ажырашуусун алдын алуу жана балдардын бардыгын камкордука жана жергиликтүү коомдоштуктардын деңгээлинде жардам алуу, ошондой эле билим алуу, ойноо жана маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздоо үчүн аларга социалдык кызматтарды, билим берүү системаларын жана инклюзивдүү чөйрөлөрдү түзүп берүү; 
  • майыптыгы бар балдарды зомбулуктан, ыйрайымсыз мамиледен, көзөмөлсүз калтыруудан жана эксплуатациядан коргоону камсыздоо;
  • психологиялык жактан саламаттыкты коргоо жана психологиялык жактан колдоого алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • мүкүнчүлүгу чектелген балдарга карата стигматизацияны жана дискриминацияны жоюу иш алып баруу жана андай балдардын үнүн жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо жана тийиштүү саясатты иштеп чыгууга таасир этүү;
  • балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө маанилүү кызматтарды алууга, жакырчылыкты, жокчулукту жана алардын обочодо калуу тобокелдиктерин азайтууга жол бере турган социалдык коргоого инвестиция салуу; 
  • майыптыгы бар балдардын абалын түшүнүүгө көмөк боло ала турган ишенимдүү жана инклюзивдик маалыматтарды чогултууну камсыздоо.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Көбүнесе зомбулук боюнча козголгон иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдар туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылат. Жапа чеккендердин үй-бүлөсү арыз жазууну чечсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Балдарга карата зомбулуктун көбөйүшүнөн улам президент Садыр Жапаров 2022-жылдын августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.