Салымбеков «Дордойдо» ижара акысы 60 пайызга чейин арзандаганын айтты

«Дордой» базары. Сүрөт: Тамаш Пацай

«Дордой» ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандады. Бул тууралуу базардын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков 10-декабрда «Азаттыкка» билдирди.

Ал «Дордой» Министрлер кабинетинин салык реформасын колдой турганын белгиледи. Анын айтымында, жаңы эрежелерге ылайык, ижара акысы дүңүнөн саткан соодагерлерге эки эсе, ал эми чекене баада соода кыландарга 30 пайыз арзандайт.

Ошондой эле базарды реконструкциялоо иши башталып, кошумча тамактануучу жайлар, дааратканалар курулуп, автобустардын жаңы каттамы уюштурулары белгиленди.

Ал арада өлкөдөгү бир катар базарларда ижара акысы арзандаганы айтылган. «Аламүдүн» базары 30-50 пайызга, «ЗимаЛетто» компаниясы 25 пайызга, «Оберон» базары 20 пайызга арзандатканы кабарланган.

Буга чейин, 6-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «соодагерлердин ишин жеңилдетүү максатында, базарлардын ээлери ижара акыны жок эле дегенде эки эсе азайтышы керек» деп билдирген.

Ал «өлкөдөгү соода-сатык комлекстерине ээ адамдар бул иштен эбегейсиз пайда көргөн республиканын эң бай адамдары экенин» айткан. Ошондой эле ал ККМ колдонууга каршы митинг уюштурууга тиешеси барларды табууну тапшырган. 

Ага дейре президент Садыр Жапаров да соодагерлерди митингге үндөгөндөр тууралуу бийликте толук маалымат бар экенин айтып, эгер элди митингге үндөй берсе, базарларга тышкы башкаруу киргизилерин кошумчалаган.