Садыр Жапаров Оштун мэри менен депутаттардын пикир келишпестиги тууралуу пикирин айтты

Садыр Жапаров жана Бакытбек Жетигенов

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн чечимге макул эмес экенин айтты. Бул тууралуу өлкө башчысы 12-декабрда «Кабар» улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.

Президент «окуянын артында кайсыл депутаттардын жеке кызыкчылыгы жана жеке таарынычтары турганын жакшы билерин» айтты. Ошондой эле Жапаров «таарынычтардын арты менен жетекчилерди кызматтан ала бере турган болсо, мамлекеттик кызматта эч ким иштебей коёрун» кошумчалады. 

«Депутаттар “мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылыш керек” деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. 

Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылышса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда “Ошту ирээтке келтир” деп тапшырма бергем. Мэр ошолордун баарын ирээтке келтирип, бузчусун бузуп жатат. Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт», — деди өлкө башчы.

Жапаров калаа башчысына каршы чыккан эл өкүлдөрүнүн арасында «коррупция менен жан баккан депутаттар да бар экенин, керек болсо учуру келгенде баарынын ысымдарын атай турганын» белгиледи.

Буга чейин, 14-ноябрда Ош шаардык кеңештин кезексиз сессиясында депутаттар мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн

Ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин шаардык кеңештеги фракция лидерлери көтөрүп, демилгени депутаттар колдошкон. Жабык добуш берүүгө 45 депутаттын 42си катышып, алардын ичинен 38 депутат ишеним көрсөтпөөнү колдогон. Ал эми үчөө чечимге каршы добуш берген.

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри кызматына 2022-жылдын ноябрында дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү