Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек аранын 90%ы чечилгенин кабарлады. Бул тууралуу 12-декабрда Баткен шаарында болгон жолугушууда айтылды.
«Бүгүн чоң иш болду. 120 километр алдыга жылдык. Бул маселелер принципиалдуу түрдө макулдашылды. Эгер Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасынын жалпы узундугун ала турган болсок, 90%ы такталды. Биз бул маселени биротоло чечүүгө чын эле жакындап калдык», — деди Ятимов.
Ташиев тажик кесиптешинин айтканын тастыктап, чек ара маселесине чекит коюу үчүн бир нече жолугушуу калганын белгиледи.
«Бизде бир нече тилке калат, Кудай буюрса аны да аяктайбыз. Ал кайсы тилкелер? Кайрагачтан баштап, Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки аймак. Жумушчу топ макулдашууну толук аяктадык. Мындан тышкары Карабак, Лаккон боюнча, үч мамлекет кесилишкен чекке чейин макулдаштык», — деди ал.
11-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында кыргыз-тажик чек ара меселеси 2024-жылдын жазында чечилерин айткан.
Кыргыз-тажик чек ара көйгөйү
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 972 километрди түзөт. Буга чейин эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикири бар экенин айткан. Такталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.
2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.
Чек арадагы өткөн жылкы эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза тапкан — алардын 51и аскер кызматкери болчу. Жаңжалдын кесепетинен дагы 206 адам жаракат алган.
Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган. Жаңжалга эки өлкө бири-бирин айыптаган.