Садыр Жапаров чек ара меселеси 2024-жылдын жазында чечилерин айтты

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарында кыргыз-тажик чек ара меселеси 2024-жылдын жазында чечилиши мүмкүн деп билдирди

«Тынч, ынтымакта жашагыла. Чек араны чечип жатабыз. Буюрса, аяктап калдык. Жаңы жылга чейин жетишебиз дедик эле, кичине созулуп жатат. Жазга барып бүтүрөт окшойбуз», — деди ал, чек арага чектеш Ак-Сай айылынын тургундар менен баарлашып жатат.

Президент Баткенге болгон сапарында Ак-Сай айылындагы чек арадагы жаңжалда кыйраган мектептин, Самаркандек айылындагы оорукананын жана УКМКнын Баткен облусундагы бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты.

2022- жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.