Депутаттар кен иштеткен компаниялар үлүшүн мамлекетке «ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде» өткөрүп беришин каалайт  

Жогорку Кеңештин депутаттары алтын, күмүш жана көмүр казган компаниялар башкаруу үлүшүн мамлекетке «өз эрки менен жана кайтарымсыз негизде» өткөрүп беришин каалайт. Бул тууралуу 21-декабрда партаменттин биринчи окуусунда кабыл алынган «Жер казынасы» жана «Биосфералык аймактар жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүүлөр киргизүү долбоорунда айтылат.

Ошол эле кезде документте компаниялар ишкананын кайсы үлүшүн мамлекетке бериши керектиги так көрсөтүлгөн эмес.  

Түзөтүүлөрдүн демилгечиси депутат Марлен Маматалиев кенди иштетүү үчүн мурда лицензияны арзыбаган акчага алган компаниялар, уруксат кагазын ири суммага кайра сатышканын же кенди такыр эле иштетпей жатышканын айтууда. 

«Эки учурда тең мамлекет пайда көрбөйт. Ошентип мыйзам долбоору жалпы кырдаалга таасирин тийгизген ар кандай учурларды болтурбоо үчүн жер казынасын пайдалануучулар өз үлүшүн мамлекетке ыктыярдуу жана кайтарымсыз өткөрүп берүүгө уруксат берүүнү сунуштайт», — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат негиздемесинде. 

Маматалиевдин пикиринде, муну менен мамлекет кошумча киреше таап, кендерди иштетүү менен байланышкан чыгымдарды жана экологиялык, техникалык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөй алат. 

Буга чейин, 2022-жылдын июнунда жаңы мыйзам долбоору кабыл алынган, ага ылайык, алтын казган ири жана орто кенди пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган компаниялар мамлекеттин кеминде 30 пайыздык милдеттүү үлүшү бар ишкана түзсө гана лицензияларын пайдалана алат.

Мындан тышкары, мыйзамда кирешелүү продукцияны бөлүүдө мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүшү керек деп айтылат.

Ошондой эле өкмөт ири кендерди ата-мекендик компаниялар гана иштетерин, ал үчүн «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги түзүлгөнүн билдирген.