Өлкөдөгү орто жана ири алтын кендердин ар биринде 30% мамлекеттин үлүшү болот

Президент Садыр Жапаров «Жер казынасы жөнүндөгү» жана «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Басма сөз кызматынан өзгөртүүлөр «жер казынасын пайдалануу учурунда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, инвесторлор менен келип чыккан мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын» белгилешти.

Мыйзамда «жер казынасы Кыргызстандын гана менчиги болуп саналары, кыргыз элинин жашоо-турмушунун жана ишинин негизи катары пайдаланылып жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болору» баса белгиленген.

«Буга байланыштуу экономикалык кызыкчылыктарды камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргызстандын андан аркы экономикалык өсүшү үчүн долбоордо “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат. Ага ылайык алтындын ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө толтуруу үчүн Кыргызстанда мамлекеттин кеминде 30 пайыздык милдеттүү үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү», — деп айтылат президенттин администрациясы тараткан маалыматта.

Мындан тышкары, өзгөртүүлөрдө кирешелүү продукцияны бөлүүдө мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүшү керек деп бекитилген.

Мыйзамга ылайык, уставдык капиталында үчтөн эки бөлүктөн кем эмес мамлекеттик үлүшкөн ээ болгон чарба субъектилери жана мамлекеттик ишканаларга кендерди иштетүү укугу министрлер кабинети тарабынан гана берилет.

Ушул жылдын февралында өкмөт ири кендерди атамекендик компаниялар гана иштетет деп билдирип, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги түзүлгөн.