Кадамжай: Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз документ жасоого шектелип кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын кызмат адамдары жана райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн эки кызматкери жеке тараптарга турак-жай куруу үчүн уруксат берүүчү документтерди мыйзамсыз даярдап келген деп шектелип кармалды. Бул тууралуу 22-декабрда УКМКдан билдиришти.

Шектүүлөр. Сүрөт: УКМК.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр — Үч-Коргон айыл аймагынын бышчысы, жооптуу катчысы жана айдоочусу. Аталган кызмат адамдары жана алардын шериктери кылмыштуу келишимге барып, айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, жер тилкелерин мамлекеттин менчигинен чыгаруу боюнча туруктуу кылмыш схемасын түзүшкөн. 

Атайын кызматтан шектүүлөр жеке кызыкчылыгын көздөп, «Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө» токтом чыгарышкан. 

«Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылындагы жалпы аянты 5,45 гектар жер тилкесин трансформация кылбастан турак-жай курулушунун Башкы планын бекитишкен. Анда жерлерди 9дан 15 сотыхка чейин 48 тилкеге бөлүп, жеке турак жай курууга тиешелүү укук белгилөөчү документтерди даярдап, алардын баасын 9 миңден 15 миң АКШ долларына чейин баалашкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча 18-декабрда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Баткен райондук сотунун чечими менен шектүүлөр Ош шаарындагы 5-тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин, Орто-Сай айылында мамлекеттин карамагында турган 3 гектар жерди 1,2 млн долларга сатууга аракет кылган «Кадастрдын» мурдагы башчысын кармалган.  

Экс-чиновник кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык аракеттерди жасоого шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Мамлекеттин жерин сатууга аракет кылган деген шек менен «Кадастрдын» экс-башчысы кармалды 

Кара-Суу: Мыйзамсыз жер сатып, мамлекетке 15 млн сомдон ашуун зыян келтирген кызматкерлер кармалды