Активист Төрөкулова фейсбуктагы билдирүүсү үчүн 5 жылга соттолуп, 3 жылдык пробацияга алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-январда активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча өкүм чыгарды.

Соттун маалыматына ылайык, активист 41-берененин 3-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка кошо катышуучуну көндүргөн адам шыкакчы деп таанылат») жана 278-берененин 3-бөлүгү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке чакыруу, ага тете эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу») боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ал беш жылга эркинен ажыратылып, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошотулду. Адвокат Акмат Алагушев эгер активист үч жыл аралыгында мыйзам бузбаса, жаза мөөнөтү ошол менен аяктайт деп түшүндүрдү.

Анын айтымында, сот Төрөкулованы эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Активист соттун өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга кайрылабы-жокпу азырынча белгисиз.


Зарина Торокулова сот отурумунда. Сүрөт: Максат Кутманбеков / «Азаттык»

УКМКнын кызматкерлери активист Зарина Төрөкулованы 2023-жылдын сентябрында фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармаган. Атайын кызматтан Төрөкулова «массалык башаламандык беренесине кирген чагымчыл материалдарды байма-бай жарыялап келгенин» айтышкан.

Активист өзү фейсбуктагы барагына эки жолу билдирүү жарыялаганын белгилеп, ага карата козголгон ишти «саясий буюртма» деп атаган.