Бийликти сындаган активист Зарина Төрөкулова эки айга камалды

Активист Зарина Төрөкулова

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту активист Зарина Төрөкулованы 30-октябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу 11-сентябрда аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөөчүсү активистти камакка алуу өтүнүчүн келтирген. 9-сентябрдагы соттун чечимине ылайык, Төрөкулова 30-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында болот.

Активистти УКМКнын кызматкерлери кармап кеткени тууралуу 11-сентябрда 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып кабарлаган. Басылманын маалыматына ылайык, ага «массалык башаламандык» беренеси боюнча айып тагылып, кайсы ишке байланыштуу кармалганы айтылган эмес.

Буга чейин активист фейсбук барагы аркылуу бийликтин айрым иштерин сындап келген.

23-июнда жазуучу жана жарандык активист Олжобай Шакир ТИЗО-1ге 2 айга камакка алынган. Ага дейре Шакир фейсбук барагы аркылуу элди Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта өтө турчу тынчтык митингине чакырган. Ошондой эле бийликти байма-бай сындап келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот жазуучу Олжобай Шакирди 2 айга камакта калтырды

Олжобай Шакирди боштууну талап кылган коомдук ишмерлер бийликке кайрылуу жолдошту

Орусиялык активист Алёна Крылова 4-октябрга чейин камакта калды

Сот чечен активисти Мансур Мовлаевди эки айга камакта калтырды