11 журналист 48 саатка камалды. Акыйкатчы алардын укугу жана эркиндигин камсыздоого чакырды

16-январь күнү таң эрте милиция кызматкерлери бир катар журналисттердин үйүн тинтүүгө алып, 11 журналистти 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди. 

Алар «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талабына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» беренеси менен козголгон ишке шектелип жатат.

48 саатка камакка алынган журналисттердин баары Temirov Live командасынын кызматкерлери же мурда иштеп кеткендер: 

  • Махабат Тажибек кызы;
  • Сапар Акунбеков;
  • Азамат Ишенбеков;
  • Сайпидин Султаналиев;
  • Актилек Капаров;
  • Тыныстан Асыпбеков;
  • Максат Тажибек уулу;
  • Жоодар Бузумов;
  • Жумабек Турдалиев;
  • Айке Бейшекеева;
  • Акыл Орозбеков.

Журналисттердин «Массалык башаламандыкка чакыруу» фактысы боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин «Клоопко» ИИМдин басма сөз кызматы да тастыктады.

Министрликтен билдиришкендей, милиция кызматкерлери интернетке мониторинг жүргүзүп, Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган материалдарда «массалык башаламандыкка чыкырык жасоонун белгилери бар экенин» аныкташкан.

«Аталган басылмаларга тиешеси бар жарандардын жашаган үйлөрүн тинтүү учурунда далил катары документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык каражаттар жана банк карталары табылды», — дешти министрликтин басма сөз кызматынан.

Акыйкатчы эмне дейт?

Ал эми акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдары, прокуратура жана сотту журналисттердин укугу жана эркиндигин камсыздоого чакырды

Ал 24.kg басылма жана журналисттердин үйүн тинтүү жана жапырт камоолор сөз эркиндигине терс таасирин тийгизерин айтып, укук коргоо органдарына сөз эркиндиги жана өз оюн эркин айтуу укугун сактоонун маанилүүлүгүн эскертти.

«Акыйкатчы укук коргоо жана сот органдарын журналисттерге карата өкүм чыгарууда сөз эркиндиги жана маалымат алуу укугу боюнча конституциядагы кепилдиктерди жетекчиликке алууга чакырат. Ошондой эле ал укук коргоо органдары тарабынан журналисттерге карата көрүлгөн жана көрүлө турчу чаралардын мыйзамдуулугу, жүйөсү жана зарылчылыгына юридикалык баа берүү өтүнүчү менен сот жана прокуратурага кайрылат», — деп айтылат маалыматта.

15-январда 24.kg маалымат агенттигине карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланган. Алардын кеңсесинде тинтүү жүрүп, басылманын башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редакторлору Антон Лымарь жана Махинур Ниязова атайын кызматка күбө катары сурак берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

24.kg’деги тинтүү: Басылмага «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду