24.kg’деги тинтүү: Басылмага «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду

24.kg маалымат агенттигине карата «Согушту пропагандалоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу редакциянын кенсесиндеги тинтүү жүргүзгөндөн кийин УКМК кабарлады. 

«“Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 15-январь күнү 24.kg маалыматтык агенттигинде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда «компьютерлер, ноутбуктар, электрондук маалымат сактоочу буюмдар, ошондой эле кылмыш иши үчүн маанилүү болгон башка буюм далилдер» алынды», — деп билдирди УКМК.  

УКМК азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады. 

15-январь күнү күндүз УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүүнүн натыйжасында басылманын кеңсесине мөөр басылып, ал эми агенттиктин башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редакторлору Антон Лымарь жана Махинур Ниязова атайын кызматтын сурагына алынып кеткен. 

Аларды кеңседен чыгарылып баратканда Ниязова журналисттерге редакциянын кенсесиндеги тинтүү Украинадагы согуш тууралуу жарыяланган материалдардын бири боюнча козголгон кылмыш иши менен байланыштуу экенин айткан. Башка маалыматтар азырынча белгисиз.

Мындан тышкары, тинтүүдөн кийин УКМКнын кызматкерлери компьютерлердин системдик блокторун жана редакциянын документтерин алуу жүргүзүшкөн.

Басылманын өзү тинтүү учурунда кеңсеге «Медиа Полиси Инстутунан» жана «Адилет» укуктук клиникасынан келген адвокаттар менен юристтер киргизилбегенин жазган.

24.kg акыркы жылдары «согушту пропагандалоого» айыпталып жаткан жалгыз басылма эмес. 2022-жылдын февралында Башкы прокуратура ушул эле берене менен Kaktus.media’га кылмыш ишин козгогон. Анда басылма Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кезектеги чек ара жаңжалында коңшу өлкөнүн бийлигинин версиясын жазган «Азия Плюс» медиасынын материалын өз сайтына жазып чыгарган. Kaktus.media өзү кыргыз коомуна тажик тарап кандай саясат жүргүзүп жатканын көрсөтүп берүү максаты болгонун түшүндүргөн

Бирок көзөмөл органы материал «коомчулукта кеңири нааразычылыкты жаратып, чыр-чатактын зонасында да, бүткүл өлкө боюнча да чыңалуунун күчөшүнө алып келген бул кырдаалдын андан ары курчушуна жана аскердик күчтүн колдонулушуна алып келиши ыктымал болгон» эсептеген. 

24.kg — 2006-жылы негизделген өлкөдөгү алгачкы көз карандысыз интернет-басылмаларынын бири.