ЖК комитети «чет элдик тыңчы» мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Парламенттин конституциялык мыйзамдар комитетинин мүчөлөрү  23-январдагы жыйынында бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү экинчи окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорун Надира Нарматова башында турган депутаттык топ демилгелеген. 

Мыйзам долбооруна каршы бир гана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова добуш берди. Комитеттин калган мүчөлөрү «макул» деп добуш беришти.  

Депутаттар «чет элдик тыңчы» мыйзам долбооруна добуш берип жатышат. Видеодон скриншот

Жыйынды башында Кожокулова документке жаңы берене киргизилип калганына аргумент келтирип, мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бирок ага мыйзам долбоорунун башкы демилгечилеринин бири Надира Нарматова каршы чыкты. Ошентип комитеттин мүчөлөрү Кожокулованын сунушун колдошкон жок.  

Андан соң, жыйындын жүрүшүндө демилгечилер мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүү киргизишкени белгилүү болду. Ошентип «жарандарга зомбулук көрсөтүү же алардын ден соолугуна башка зыян келтирүү же жарандардын жарандык милдеттерин аткаруудан баштартууга же башка укукка каршы аракеттерди жасоого түртүү менен байланышкан» бейөкмөт уюмду түзүү жана башкарганы үчүн  5 жыл эмес, 3 жыл эркинен ажыратуу сунушталып жатат. Ошондой эле мындай КЭУнун ишмердигине активдүү катышкандарды 10 жыл эмес, 5 жылга эркинен ажыратуу сунушталып жатат. 

Айрым депутаттар мыйзам долбоорунан эркинен ажыратуу деген норманы тап-такыр алып салууну сунушташты. Бирок ага кайра эле депутат Нарматова мыйзам долбоорунун максаты «мамлекеттик көзөмөлдү, тартипти, ачык-айкындуулукту орнотуу» экенин белгилеп каршы чыкты.

«Ал эми [Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеде] жоопкерчилик маселесин коюп жатабыз. Ал эми канчалык деңгээлде соттуулук болот, канчалык деңгээлде мыйзам аткарылат аны убагы келгенде сот чечет. Себеби дегенде сөзсүз жоопкерчилик болушу керек, жоопкерчилик болбосо мыйзамды кабыл алыштын зарылчыгы жок», — деп айтты Нарматова. 

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү эркинен ажыратуунун мөөнөтүн кыскартууга добуш беришти.

Эми «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи окуусунан кароо үчүн жөнөтүлдү. 

Чуулуу демилге 

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга жана Жазык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган «чет элдик тыңчы» делген мыйзамдын долбоорун башында 30дан ашык депутат демилгелеп чыккан. Бирок демилгеге айтылган сындардан кийин депутаттардын бир бөлүгү мыйзам долбоорунан баш тартышкан. Азыркы тапта демилгечилердин арасында 19 эл өкүлү бар. 

Документе ылайык, чет өлкөдөн каржыланып жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик өкүл» деп таанылат деп айтылат. Мындай бейөкмөт уюмдар кошумча отчёт тапшырууга милдеттүү болот жана пландалбаган текшерүүлөргө кабылышы ыктымал.  

Мыйзамдын долбоорун ошондой эле Кылмыш-жаза кодексине «жарандардын өздүгүн жана укуктарын бузган коммерциялык эмес уюмдарды түзүү» жөнүндөгү 200-1-беренени киргизүүнү сунуштайт. Анда жаза катары айып пул же эркинен ажыратуу каралган. 

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси — депутат Надира Нарматова — мындай демилге сөз эркиндиги менен демократияга эч кандай коркунуч алып келбей турганын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектебейт деп билдирген. Анын айтымында, учурдагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам муктаждыкты жаба албай жатат жана «мамлекеттин кызчыкчылыгы, коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн» коммерциялык эмес уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүү керек. 

Бирок муну менен КЭУнун айрым өкүлдөрү, жарандык активисттер, ошондой эле эл аралык уюмдар макул эмес. 


«Адилет» укуктук клиникасы ушул долбоор боюнча комментарий берип жатып, мыйзам адам укугун бузат деп билдирген