Жалал-Абадда тургундан акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тургунду коркутуп, 500 миң сом акча каражатын жана авто унаасын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 24-январда облустук милициядан билдиришти

Маалыматка ылайык, 18-январда Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 2023-жылдын июль айында уюлдук телефонуна бейтааныш кишилер чалып, Базар-Коргон районуна чакырганын айткан. 

Кийин эки киши аны ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирүү менен коркутуп, 500 миң сом акча каражатын жана Honda Fit үлгүсүндөгү авто унаасын алып коюшканын айтып даттанган. 

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 24-январда кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну жана Ноокен районунун 36 жаштагы тургуну кармалды.

Бул факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. 

Милициядан тинтүү учурунда 36 жаштагы шектүүнүн үйүнөн ок атуучу курал алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автору: Нуржан Омурбек кызы