Балыкчы: Милиция унаа менен коюп кеткен кыздын атасы тосмо арыз жазды

Балыкчыда 12 жаштагы кызды унаа менен коюп кетүүгө шектелген мурдагы милиция кызматкерлерине жабырлануучу тарап тосмо арыз жазды. Шектүүлөргө доосу жок экенин 29-январда кыздын атасы Максатбек Байгазиев «Азаттыкка» билдирди.

«Бир шаарда жашасак, карыган ата-энеси ыйлап, кечирим сурап келди. Кантип кечирбейм. Кызымдын дары-дармегин көтөрүп жатышат. 18 жашка чейин да карап беришет», — деди ал.

Ал арада Каракол шаардык соту кызды сүзүп кетүүгө шектелип жаткан Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевди 26-мартка чейин камакка алды.

Ал эми анын иниси, милициянын кызматкери Бекзат Казаков эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

26-январда 13:15 чамасында кызды унаа коюп кетип, шектүүлөр окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин кыздын атасы коомчулукка кайрылып, кызын Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев сүзүп кеткенин айтып чыккан.

Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков унааны ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар унааны ал эмес, анын агасы — Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап баратканын айтып, нааразы болушкан.

Окуучу кызды унаа менен коюп кетүүгө шектелгендер. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Окуядан улам ага-ини экөө тең ээлеген кызматынан бошотулуп, камакка алынган. Тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Окуучуну коюп кетти деп шектелген эки милиционер кызматтан алынып, камакка алынды